Түз эфир: Кыргызстан менен Ооганстандын футбол курамаларынын беттеши

Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Борбор Азия футбол ассоциациясынын «Улуттар Кубогу-2023» эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстан менен Ооганстандын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттеши башталды.

Кыргызстандык футболчуларды колдоп стадионго президент Садыр Жапаров да барды. Оюнду Kyrgyz sport tv каналынан түз эфирде көрсөңүз болот.

Кыргызстан менен Ооганстандын курама командаларынын беттеши Борбор Азия футбол ассоциациясынын «Улуттар Кубогу-2023» мелдешинин  алгачкы оюну болуп калды.

Быйыл футбол боюнча улуттук курамада олуттуу өзгөрүү болду. Мурдагы башкы машыктыруучу Александр Крестинин кызматынан кетип, анын ордуна Штефан Таркович келди.

Бул беттеш Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасына Таркович башкы машыктыруучу болуп дайындалгандан берки алгачкы эл аралык оюн.

«Улуттар Кубогу-2023»

«Улуттар Кубогу-2023» (CAFA NATIONS CUP-2023) — Борбор Азиялык өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлчү футболдук мелдеш. Ага Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышат. Мелдеш быйыл биринчи жолу өткөрүлүүдө.

Беттеш тайпалар ичинде бир айлампа менен өткөрүлөт. Эки тайпанын жеңүүчүсү болгон эки курама финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду ээлегендер үчүнчү орунга ат салышат.

26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия футбол ассоциациясынын турниринин тайпалык баскычы үчүн чүчүкулак уюштурулуп, жети команда эки тайпага бөлүнгөн.

«А» тайпасына Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары кирген. «В» тайпасында Кыргызстан, Ооганстан, Иран курамалары ат салышат. 

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте, ал эми «А» тайпасынын оюндары жана финалдык беттеш Ташкен шаарында өтөт.