Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кетти. Бул тууралуу 3-апрелде Кыргыз футбол бирлигинен билдиришти.

Маалыматта бул «Кыргыз футболдук союзу менен Александр Крестининдин өз ара чечими менен болгону» айтылат.

44 жаштагы Александр Крестинин улуттук кураманы 2014-жылдан бери жетектеп келген. Анын жетекчилиги астындагы эң ийгиликтүү жыл — 2019-жыл болгон. Анда команда Азия кубогунун 1/8 финалына чейин жеткен.

2022-жылы курама тарыхта 2-жолу аталган турнирге жолдомо алган. Азия кубогу ушул жылдын июнь айында өтөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Футбол: Александр Крестинин Кыргызстандагы эң мыкты тренер аталды

Азия кубогу-2023: Крестинин кыргыз курамасынын беттешке даярдыгы жакшы экенин айтты