Алар – патриоттор. Президент аймактарда кимдин эсебинен жол салынып жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде өлкөнүн бир нече облустарында кимдин эсебинен жол салынып жатканын айтып берди.

Анын айтымында, Талас жана Баткен шаарларынын ички жолдорун оңдоого экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 80 млн сом бөлгөн. 30 млн сомдон Марат Назарбеков жана Алмазбек Тиленбаев аттуу ишкерлер беришкен. 

Ошондой эле президенттин айтымында, бизнесмен Жумабек Салымбеков Нарын шаарынын жолдорун оңдоого 50 млн сом, ал эми «Бакай» банктын ээси 200 млн сом бөлүп берген. 

*Салымбеков менен Ибрагимовдун 50 млн сом жана 200 млн сом которгону апрель айында эле белгилүү болгон.

Мамлекет башчысы ишкерлер «өз демилгеси менен мекенге жардам берип жатышат» деп билдирди.

«Мен жогоруда атаган ишкерлерди өз өлкөсүнө кайдыгер карабаган, Кыргызстанда иштеп тапкан пайдасы менен бөлүшө билген, берешен, март жигиттер деп айтар элем. Учурдан пайдаланып, мамлекетке төлөп жаткан салыгынан сырткары, өз ыктыяры менен өлкөмө пайдам тийсе деген ниеттерине ыраазычылык билдире кетейин. Бутуна туруп, телчигип бараткан мамлекетин колдон-буттан алып, сүйөп-таяп, өнүгүп кетсе деген тилектеги эр-азаматтарыбыз четинен чыгат деп ишенем», — деди Жапаров.


Президент мамлекет алакан жайып олтурган жок, бюджеттен миллиарддаган каражаттар жаңы социалдык обьектилерди, ошондой эле жолдорду курууга жана башка багыттарга жумшалууда деп белгиледи. Мисалы, Жалал-Абаддын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд сом каражат бөлүнгөн.

Буга чейин президент Садыр Жапаров президенттик эки фонд бар экенин айтып чыккан. Бири бюджеттик акчага мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга — мектеп, бала бакча же аскердик техника алуу үчүн пайдаланылат. Экинчи фонд демөрчүлөрдүн эсебинен турат.

Президенттин айтымында, фонддогу каражаттын багыты тууралуу чечимди бир гана президент кабыл алат.