Садыр Жапаров: Президенттик фонд эки банктан 150 млн сом алды

Кыргызстандын эки банкы Президенттик фондго демөөрчүлүк жардам көрсөттү. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине берген интервьюсунда айтты.

Анын айтымында, президенттик эки фонд бар. Бири бюджеттик акчага мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга — мектеп, бала бакча же аскердик техника алуу үчүн пайдаланылат. Экинчи фонд демөрчүлөрдүн эсебинен турат.

«Ал эми спонсорлук фондумдан болсо кайсы иштерди бүтүрүш керек экенин өзүм билип бөлүп бере берем. Жакында Жумабек Салымбеков “Бай түшүм” банкынын атынан 50 миллион сом демөөрчүлүк кылган. Ошол акча менен Нарын шаарынын жолдорун баштаттым. Кечээ [ишкер] Сергей Ибрагимов “Бакай” банкынын атынан 100 миллион сом демөөрчүлүк кылды», — деди Жапаров.

Ибрагимов биринчи жолу эле мындай сумманы өз каалоосу менен которуп жаткан жок. 2021-жылдын майында УКМКдан ал мамлекеттик казынага 100 млн сом которгонун билдиришкен.

Жапаров берген интервьюсунда президенттик эки фонд бар экенин айтты. Бирок мыйзам боюнча Президенттик бир гана фонд болушу керек жана анын булагы төмөнкүлөр гана боло алат:

  • республикалык бюджеттин бекитилген чыгашаларынын 1%нан ашпаган бюджеттик каражаттар (Президенттик фонддогу сумманы эске албаганда);
  • коррупциялык иштерден кайтарылган каражаттар;
  • мыйзамга каршы келбеген башка булактар.

Ошондой эле мыйзамда Фонддогу каражат кайсы жака багытталышы керектиги, бирок каражаттын багыты тууралуу чечимди бир гана президент кабыл алары так жазылган.

Ачык булактардагы жана президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Садыр Жапаров 2022-жылы акчаны футболго, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдөгү балдарга жана Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине көмөк көрсөтүүгө короткон.

2022-жылы Президенттик фонд республикалык бюджеттен рекорддук сумманы — 2 млрд 80 млн сом алган. Бул маалыматты «Клоопко» Каржы министрлигинен тастыкташкан.

Буга чейин мыйзамда Президенттик фонддун өлчөмү республикалык бюджеттин бекитилген чыгашасынан 0,02%дан ашпоого тийиш экени так жазылган.

2021-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары Бюджеттик кодекске түзөтүүлөрдү кабыл алып, Президенттик фонддун өлчөмүн чоңойтулган. Эми республикалык бюджеттин бекитилген чыгашасынан 1%дан ашык бюджеттик каражат келип түшөт.