Оңдоп-түзөөгө жабылган Ош шаарындагы Ленин көчөсү. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop

Өткөн аптада Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан «Тешик-Таш» базарынын соодагерлери нааразычылык билдирип чогулушту. Буга чейин базар жайгашкан Ленин көчөсү оңдоо иштеринен улам жабылган болчу.

Шаар бийлиги базардын бир бөлүгүндө жана тротуарларда соода кылган сатуучуларды шаар сыртындагы Жапалак унаа базарына жакын жайгашкан жерге көчүрүүгө аракет кылууда.

Мэриядан мунун башкы себебин жолдорду бир багыттуу кылып өзгөртүп, шаардагы жол тыгынды азайтууну көздөп жатышканы менен түшүндүрүштү.

Бирок соодагерлер жергиликтүү бийлик жана «Тешик-Таш» базарынын администрациясы сунуштаган муниципалдык жана жеке жайлардагы соода орундарында шарт жок, шаардын сыртында жайгашкан, жол алыс жана коомдук транспорт каттабай турганын айтып жатат.

Ал арада соцтармактарда «Тешик-Таш» базарында укук коргоо кызматкерлериндей кийинген кишилердин көз алдында аялды «базарком» делген эркек киши сабап жаткан видео тарады.

«Тешик-Таш» базарынын айланасында эмне болуп жатат? «Клооп» тараптардын пикирин укту.

Соодагерлердин нааразычылыгы

6-июнда Ош шаарынын «Тешик-Таш» базарынын ондогон соодагерлери Рыспай Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын алдына чогулушту. Сатуучулар базар жайгашкан Ленин көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен улам жабылганына нааразы болушту.

Чогулгандар Ленин көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки жол жабылып, товар ташыган унаалар өтө албай калганына даттанып, жолду ачууну талап кылышты.

Соодагерлердин бири Жамиля Жантаева «Клоопко» курган маегинде, жергиликтүү бийлик соодаргерлердин айрымдарына Жапалак унаа базарына жакын жайдан орун сунуштап жатканын айтты. Бирок Жантаева анда соода үчүн шарт каралбаганын, жада калса чатыр да орнотулбаганын белгиледи.

«Шаар бийлиги базарды өз ордунда калтырса жакшы болмок. [...] Сатуучулар эки күндөн бери барып жатышат. Ал жерде, жада калса тазалыгы жок, суу чыккан жер көгөрүп кеткен. Үстү тосулбаган шарты жок ээн талаага адамдарды жайып койду. Ал жерде жай алганы менен “документи жок” деп вице-мэр өзү айтты. Анда жайгашып олтурган менен адамдар күнүнө утулуп жатпайбы. Күнүнө иштебесе карызы барлар, кредити барлар бар», — деди соодагер.

Соодагер Жамиля Жантаева. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop

Жантаева мэрия сунуштап жаткан базар шаардан алыс жайгашып, кардарларга ыңгайсыздык жаратарын кошумчалады. Анын айтымында, унаа базарга жакын жайгашкан базарда жол тыгын көп орун алат жана шаардан каттаган маршурткалар саналуу гана.

«Азыр ал жерде үч линия бар, 2 килограмм картошка, 2 килограмм помидор үчүн бир маршрутка менен ким бармак эле, барбайт да. Иштен чыккандар эмне болсо да шаардын ортосунда [деп келишчү]. Ошого борбордук базарды кошо жылдырыш керек. Бардык базарды бир жерге кылса, эл ошол жерге барат. Анан чоң базар бул жакта турса, азык-түлүк бул жакта турса, картошка менен помидорго ошол ээн-талаага барбайт да», — деп билдирди Жантаева.

Жаңы салынып жаткан базардан орун алганы келген «Тешик-Таш» базарынын мурдагы соодагери Бибимайрам дагы шарттар каралбаганына нааразы болду. Андан сырткары ал, базардын курулушу толук бүтө электигине байланыштуу орундар такталбай, башы катып турганын айтты.

Жаңы базар. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop

«Мага дагы ошол жак — [«Тешик-Таш» базары] жакшы. Бул жак али толук курулуп бүтпөптүр. Күн ысык, чатыр жок, шарт жок да. Шарт жоктугуна байланыштуу орун анык болгон жок. Эми башым катып, каяктан орун алып, соода кылам деп айран болуп кетип жатам. Кайттым эми», — деди соодагер.

Ал эми буга чейин базарда 2015-жылдан бери арабакеч болуп эмгектенип келген Жыргалбек бүгүнкү күнү жумушсуз калганын айтып, беш баласы менен кантип күн көрөрүн билбей турганын билдирди.

Арабакеч Жыргалбек. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop

«Менин беш балам бар, алар азыр ачка калды. Эмне кыларымды билбей базарды бир кыдырып кайра кетип жатам. Иш жок экен. Эми эмне кылышым керек. 5 баламды ким багат? Мага Тешик-Таш эле жакшы болчу. Азыр бизге жол дагы тескери болуп калды. Такси менен түнү 300-400 сомго алып келет», — дейт Жыргалбек.

Шаар бийлиги эмне дейт?

Ал эми Ош шаардык мэриядан 7-июнда «Клоопко» буга чейин «Тешик-Таш» базарынын администрациясы соодагерлерге орун бөлүп бергенин билдиришти. Андан сырткары соодагерлерге эки-үч альтернативдүү соода-сатык жайлары сунушталып жатканын айтышты.

«Администрация өзү орундарды көрсөткөн, бош жайлар бар, ал жакка көчүшсө болот. Андан сырткары унаа базар жакта жеке муниципалдык базар, Кыргызстан айылында жеке менчик базар жана Тоок базардын астында кенен жер бар. Ал жерге дагы “баргыла, шартын түзүп беребиз” деп айтылып жатат. Эми өзүлөрү карап көрүшөт да», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Кыргызстан айылы. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop

Мэриядан «Тешик-Таш» базарын бошотуу үчүн алдын ала эки күн мурда эскертүү берилгенин билдиришти. Адегенде Оштогу базарлардын биринен 1 гектар жер даярдалганына карабастан сатуучулар «шарты жок» деген негиз менен ал жакка көчүүдөн баш тартышкан.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев оңдоо иштери жүрүп жаткан Ленин көчөсү бир багыттуу жол болуп оңдолорун, ал эми соода-сатык үчүн тротуарды колдонгон соодагерлер жол тыгынга себеп болуп келгенин айтты.

Ал эми Жапалак унаа базары жактагы 37 гектар муниципалдык жер аянты айыл-чарба багытындагы жер болгонуна байланыштуу документ иштери кечеңдеп жатканын маалымдады.

«Каалайбызбы-каалабайбызбы шаар өнүгүүсү керек. Ошондуктан борбордук базарларды шаар сыртына чыгарышыбыз керек. Мында [башкы максат] жолду ачуу жана башаламан соода маселесин жоюу болууда. Ошол эле унаа базарды жылдырганда ушундай нааразычылыктар болгон, «ал жерге ким бармак эле, жолу бизге тескери” дешкен. Мына бүгүн жакшы эле иштеп жатпайбы. Ошондуктан биз адегенде шаардыктардын пикирин эске алып, башкы пландын негизинде иш алып барабыз», — деп билдирди Жунусбаев.

Аялдын сабалышы

Ал арада соцтармактарда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин көз алдында «базарком» экени айтылган эркек киши аялды сабап жаткан видео тараган.

9-июнда Ош ШИИБнен «Клоопко» окуя «Сулайман-Тоо» милиция бөлүмү тарабынан териштирилип жатканын билдиришти. Ал эми видеодогу формачандар ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери экени аныкталганын айтышты.