Парламентте 2027-жылдан тартып желим баштыктардын жүгүртүүсүнө тыюу салуу сунушталды

12-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Кыргызстанда полимер плёнкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү» мыйзам долбоору жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске түзөтүүлөр каралып, экинчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору тууралуу маалымат менен депутат Марлен Маматалиев тааныштырды. Ал мыйзамдын долбоору полимер материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Бекешевдин сунушуна ылайык, биосфералык аймактарда (Ысык-Көл облусу) желим баштыктарды, бир жолу колдонулуучу желим идиштерди жана түтүктөрдү жүгүртүүгө тыюу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып, ал эми 2027-жылдан тарта өлкө боюнча тыюу салынышы керек. Комитет мүчөлөрү Бекешевдин сунушун колдоп беришти.

Өз кезегинде депутат Султанбай Айжигитов мыйзам долбоордун демилгечисинен полимерден жасалган таңгак каптарды эмне менен алмаштырууну сунуштап жатканын сурады.

Маматалиев эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, полимер материалдарды крахмал жана башка химиялык кошулмалар менен жасалган биологиялык жактан ажырап жок болуп кетүүчү таңгактарга алмаштырса болорун айтып жооп берди.

«Бул сырьёлорду бизде толук түрдө колдонгонго мүмкүнчүлүктөр бар. Андай сырьелор коңшу өлкөлөрдө дагы бар. Мисалы, өзүбүздүн эле “Глобус” жана башка чоң гипермаркеттер ушундай эко баштыктарды чыгарып башташты. 1 сомго кымбатыраак болот экен, бирок бул экологияга кошкон салым болот», — деди ал.

Мурдараак президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан жетекчиси Дайырбек Орунбеков Ысык-Көл облусунда жергиликтүү дүкөндөрдө кардарларга полиэтилен баштык берүүгө тыюу салынганын билдирген. Ал эми минкабдын башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин тапшырмасы менен минкаб акырындап полиэтилен баштыктан кагаз баштыктарга өтө турганын айткан.

Өлкөдө бир жолу колдонулуучу баштыктарды өндүрүү жана сатууга тыюу салуу мурда дагы сунушталып келген. Маматалиев тийиштүү мыйзамды 2020-жылы дагы сунуштаган. Ушундай эле мыйзамдын долбоорлору 2018-жылы дагы сунушталган. Бирок бул сунуштар колдоо тапкан эмес болчу.