Орунбеков Ысык-Көлдө дүкөндөрдө кардарларга полиэтилен баштыгын берүүгө тыюу салынганын билдирди

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Ысык-Көл облусунда жергиликтүү дүкөндөрдө кардарларга полиэтилен баштык берүүгө тыюу салынганын билдирди. Бул тууралуу ал 31-майда Фейсбук барагына жазды.

«Чолпон-Атада чакан дүкөнгө кирип соода кылсам баштык берген жок. Көрсө, облус боюнча желим баштыктарды колдонууга тыюу салыныптыр.

Ар ким мурдагыдай чүпүрөк баштыктарды тигип алып пайдаланышат, чоңурак дүкөндөрдө кагаз баштыктар берилет экен. Айлана-чөйрөнү булгаган желим баштыктарды пайдалануудан баш тартуу, башка аймактарда дагы жайылса» , — деп жазды ал.

«Клооп» Дайырбековдун билдирүүсүнүн чын бышыгын тастыктоо үчүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен байланышууга аракет кылып көрдү. Бирок майнап чыккан жок.

Мурдараак минкабдын башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин тапшырмасы менен минкаб акырындап полиэтилен баштыктан кагаз баштыктарга өтө турганын билдирген.

Тема боюнча: Күнүнө ондогон тонна. Бишкектиктер тамак-аштын таңгагын дароо ыргытат, бирок бир тобун кайра иштетсе болот