Айдарбеков: ЖМК жана бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу өлкөгө чоң зыян тийгизет

Депутат Чынгыз Айдарбеков ЖМК жана бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу Кыргызстанга чоң зыян тийгизет деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары» аталышындагы тегерек столдо билдирди. Жыйында сунушталып жаткан чуулгандуу ЖМК жана «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоорлору талкууланды.

«ЖМК жана бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорлорундагы жоболор адам укуктарын коргогон негизги демократиялык принциптерге каршы келет. Андан тышкары, мыйзам долбоорлорундагы бир катар жоболор Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын жоболоруна каршы келет. Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам абдан чоң терс кесепеттерге алып келет, ал баарына, анын ичинде кайрымдуулук жана гуманитардык [жардам көрсөткөн] уюмдарга, ошондой эле коомдогу түрдүү топтордун кызыкчылыгын коргогон жана социалдык кызмат көрсөткөн бейөкмөт уюмдарга да зыянын тийгизет», — деп белгиледи Айдарбеков.

Депутаттын пикиринде, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу Кыргызстанды «республиканын демократиялык имиджинин начарлашына жана Кыргызстандын өнөктөштөрү болгон эл аралык уюмдар менен мамиленин начарлашына алып келет». Айдарбеков ЖМК жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу дагы көптөгөн көйгөйлөрдү жаратарын, анткени сөз эркиндигинин жоктугу өлкөнү стагнацияга алып келерин кошумчалады.

Президенттин администрациясы демилгелеген ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда турат. Ал, эксперттердин пикиринде, ЖМКнын ишине кийлигишип, алардын ишин жөнгө сала ала турган Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурага «негизсиз кеңири ыйгарым укуктарды» берет. «Адилет» укуктук клиникасы мыйзам долбоорунун демилгечилери юристтер менен коомчулуктун сунуштарын эске албай жатканын айтышууда.

Ошондой эле майдын орто ченинде Жогорку Кеңешке «чет өлкөлүк тыңчылар» жөнүндө мыйзам долбоору деп аталып жаткан мыйзам долбоору келип түшкөн. Анын демилгечилери — 33 депутаттан турган топ — Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдарга алар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коюуну каалап жатышат. Орусияда бул сыяктуу мыйзам кабыл алынгандан кийин дээрлик бардык укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын жабылышына алып келген.

Мурдараак «Адилет» укуктук клиникасы аталган мыйзам долбооруна комментарий берип, ал адам укуктарын жана өлкөнүн Конституциясын бузарын белгилешкен.

Мыйзам долбооруна сындар айтылып жаткан шартта демилгечи топтун курамындагы бир нече депутат «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорундагы колдорун чакыртып алышарын билдиришкен.

Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын «өтө эле репрессиячыл мыйзамды» артка чакыртып алууга чакырышкан.