Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам: Депутат Эмил Токтошев демилгечи болуудан баш тартты

Материал 12:20да жаңыланды

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Бактыбек Чойбеков Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча демилгесин кайтарып алды. Бул тууралуу 8-июнда маалым болду.

Сүрөт: Эмил Токтошевдин фейсбук барагы

Токтошев мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунун негизги демилгечиси Надира Нарматова анын сунуштарын эске албаганын баса белгилеп, анын жыйынтыгында эл өкүлү өзүнүн кол тамгасын чакыртып алганын айтты.

Ошондой эле ал коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамды кайра иштеп чыгууда «мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жана туура эмес пункттар кирип кетпесин» деген максатта демилгечи топко кошулганын белгиледи.

Депутаттын айтымында, ал сырттан каржыланган уюмдар колдонгон каражаттар жана аларды сарптоо багыттарынын ачык болушун мыйзам чегинде көзөмөлдөөчү пункттарды сунуштаган.

«Бирок мен сунуштаган пункттар кирген менен, башкача формулировка менен кетип, андан сырткары мен макул болбогон көп ашыкча пункттар кирип калганынан коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамдын демилгечилеринин катарынан чыгуу үчүн арызымды жаздым. Мыйзам коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши керек, бирок аны ишке ашырууда бир тараптуу кызыкдар тарапка иштебеш керек», — деп билдирди Токтошев.

Kaktus.Media басылмасынын 8-июндагы маалыматына ылайык, аталган мыйзамдын демилгечилигинен парламенттин дагы бир депутаты «Элдик» депутаттар тобунун мүчөсү Бактыбек Чойбеков дагы баш тартты. Бул маалыматты басылмага эл өкүлү өзү тастыктаганы белгилүү болду.

Депутаттын айтымында, ал мыйзам долбоорундагы каржылык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө жаатындагы өзгөртүүлөрдү колдоп чыккан. Бирок Чойбеков документтин акыркы редакциясында ал макул болбогон башка нормалар да камтылганын билдирди.

«Башында каржылоонун ачык-айкындыгы тууралуу сөз болгон. Мен муну колдогом. Көрсө, кийинчерээк башка талаптарды дагы кошушуптур. Мисалы, Юстиция министрлиги фонддорду жабуу боюнча чечим чыгарат экен. Мен ушул жана башка нормаларга макул эмесмин, андыктан бүгүн баш тартканым тууралуу билдирдим. Талкуу аяктап, мыйзам долбоору кароого коюлгандан кийин мен баш тартууну кат түрүндө берем», — деди Чойбеков.

Эл өкүлү Эмил Жамгырчиев дагы демилгечилердин катарынан чыгаруу өтүнүчү менен спикерге арыз менен кайрылганын билдирди. Анын айтымында, ал демилгечилердин тизмесине «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоорун изилдөө максатында кирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунушташкан. Мыйзам долбоорун парламенттин 33 депутаты киргизген.

Алардын арасында аткаруу бийлигин ар дайымкы тарапташы Надира Нарматова, УКМКнын башчысынын иниси Шайырбек Ташиев жана «бажычы» Матраимовдор кланынын өкүлү Искендер Матраимов орун алган.

Түзөтүүлөр Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коёт. Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын баары жабыла баштаган.

8-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар, активисттер жана коомдук уюмдар бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү четке кагуу талабы менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке жана министрлер кабинетине кайрылышкан.

Кайрылууга кол койгондор мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн тексти 2012-жылы кабыл алынган Орусиянын «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзамына дээрлик окшош жана кыргыз тилиндеги «тыңчы» деген сөз «өкүл» деген сөзгө алмаштырылганы менен гана айырмаланарын белгилешкен.

Ошондой эле алар түзөтүүлөрдүн көпчүлүк жоболору Конституцияга жана адам укуктарын бекемдеген негизги демократиялык принциптерге каршы келерин айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орусиянын «чет элдик тыңчысына» окшош. Коммерциялык эмес уюмдар мыйзамына түзөтүүлөр сунушталды

Өтө кооптуу. Юристтер бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамдын тобокелдиктери тууралуу

Укук коргоочулар бийликти бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамды чакыртып алууга үндөдү