Оңдоп-түзөө иштерин жасаган мугалимдер. Сүрөт: Интернеттен алынды

Ош шаарындагы мектеп мугалимдери оңдоп-түзөө иштерине тартылып жатканына нааразы болушууда. Жыл сайын мектептин ремонт иштерине өздөрү акча чогултуп же ата-энелерден каражат топтогон мугалимдер көйгөй тууралуу «Клоопко» кенен айтып беришти. Ал эми билим берүү башкармалыгынан муну моюндашып, бирок мамлекет уста акысына акча бөлбөгөндүктөн айла жок дешти.

Мугалимдердин айтымында, алар мектепти оңдоп-түзөө үчүн жыл сайын эмгек акысынан кеминде 4 000 сомго чейин акча беришет. Ал эми мамлекет тараптан берилчү боёк жана керектүү шаймандар колдоруна кеч тиет. Эс алууга эрте чыгуу үчүн окутуучулар ремонт иштерин өздөрү жасоого мажбур болушат.

«Класстын жарымынын ата-энеси ремонт үчүн акча берсе, жарымы бербейт. Ошол учурда мугалимдер өзүбүздүн жаныбыздан акча кошконго туура келет. Чындыгында биз дагы мектептин ремонтуна акчабызды кетирбей, үй-бүлөбүзгө жумшагыбыз келет. Бирок акча топтоого мажбур болобуз. Себеби, мамлекет тараптан берилчү краска июнь айынын ортосунда же аягында гана берилет. Ал келгенче биз эмгек өргүүгө чыгышыбыз керек болуп, шашылыш бөлмөлөрдү июндун аягында [ремонтун жасап] тапшырууга туура келет», — деп айтып берди Оштогу мектептердин биринин мугалими.

Ошондой эле, мугалимдер мүмкүнчүлүгү бар окуучулардын ата-энелеринен жылына 250 сомдон чогулта турганын айтышат. Бул ата-энелердин арасында нааразычылыктарды жаратпай койбойт.

«2022-жылы класстагы 41 окуучунун 5инин ата-энеси жасалгалоо жана оңдоп-түзөө иштерине демөөрчү болуп, маселени чечип беришти. Азыркы учурда ата-энелер “кечке акча жыйнайсыңар” деп агрессияда. Мектеп ал акчаны класстарды сырдоого жумшайт. Ата-энелер акча бербегенде, айла жок өзүбүз айлыктан беребиз», — дейт дагы бир мугалим.

«Мамлекет берген шаймандар сапатсыз»

Мугалимдер мамлекет тарабынан берилген боёктордун сапаты да начар экенин белгилешет. Анын жыты өткүр болуп, башты оорутат. Мындай учурда мугалимдер керектүү шаймандарды өздөрү алып, уста жалдаганга аргасыз болушат. Анткени бардык эле мугалимдердин ден соолугу классты оңдоп-түзөө иштерине жарамдуу эмес.

Ош шаарындагы №38 Барпы Алыкулов атындагы мектептин мугалими Асылгүл Наркулова 29-май күнү класстын ремонтун жасап жаткан видеосун фейсбук баракчасына жарыялады.

Барпы Алыкулов мектебин оңдоп-түзөө учуру. Сүрөт: Асылгүл Наркулова

Наркулова бир класстын ремонтуна өзү краска сатып алганын жана оңдоп-түзөө иштерин өзү аткарып жатканын тастыктады. Ал эми Билим берүү башкармалыгынан берилчү боёктор мектептин коридору үчүн колдонула турганын билдирди.

Наркулова жазган билдирмеге мугалимдер тарабынан да бир нече нараазы пикирлер жазылып, соцтармакта талкуу да жаралды.

«Өздөрү акча кошот деген маалымат чындыкка жатпайт»

Анткен менен Наркулова иштеген мектептин директору Гүлмира Эсенгелдиева мугалимдер мектеп ремонту үчүн өздөрүнүн жанынан акча кошот деген маалыматты четке кагууда.

«Мектеп мугалимдери ремонт үчүн краскаларды өздөрүнүн жанынан сатып алышпайт. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектепти оңдоп-түзөө иштерине боёкторду жана керектелчү каражаттарды июнь айынын биринчи жумасында мектептерге таратат. Сапаты орточо», — дейт ал.

Ошондой эле Эсенгелдиева мугалимдер эмгек келишими боюнча мектепти ремонттоого милдеттүү эмес деп кошумчалады.

Билим берүү башкармалыгы эмне дейт?

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын эсепчиси Темирбек Турдиев «мектеп ремонту үчүн боёктор жана керектүү шаймандар кечиктирилип берилет» деген маалыматты четке какты.

«Бизде эч кандай кечиктирүү болбойт. Биз келишимди түздүк, тендер өткөрүп койдук. Эгер кимдир-бирөө кеч берилди десе бизге кайрылсын. Бизде документтер бар. Баары убагында алган. Июндун 15ине чейин беребиз. Ал жерде директор менен мектептин чарба иштерине жооптуу адис кеч бериши мүмкүн. Кээ бир класстарда экзамендер жүрөт. Ошол учурларда кармалышы мүмкүн», — дейт ал.

Ошондой эле Турдиев боёктордун сапатын мугалимдер өздөрү көзөмөлгө ала турганын, эгер ал начар болсо, билим берүү башкармалыгына кайрылса болорун билдирди.

«Красканын сапатын мугалимдер өздөрү көзөмөлдөйт. Эгер сапаты начар болсо, алар билим берүү башкармалыгына билдирүүгө милдеттүү. Эгер чындыгында красканын сапаты начар болсо, биздин кайрадан буйрутма берүүгө толук укугубуз бар», — деп ишендирди адис.

Турдиев мугалимдин ремонт жасаганы азыр эле жаралбаганын айтып, оңдоп-түзөө иштерин аткарууга — уста акысына — мамлекет акча бөлбөй турганын моюндады.

«Мындай көрүнүш чындыгында мурунтан бери эле бар. Мамлекетибиздин мүмкүнчүлүгүнө жараша. Мугалимдердин ремонт иштерин жасаганына мамлекеттен акча каражат бөлүнбөйт. Ага дагы акча бөлүнө турган болсо, көп акча каражаты кетип калат. Буга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетпейт. Бул мурдатан эле салт болуп калган. Мектеп мугалими өзүнүн классын сырдап койсо, бул жаман эмес. Бир убакыт келет, балким ошондо акча каражат бөлүп беребиз. Бирок азыр ага мүмкүнчүлүк жок», — дейт Турдиев.

Мектепти оңдоп-түзөө иштерине канча акча бөлүнөт?

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, калаадагы 53 мектептин ремонту үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт. Мисалы, 2023-жылга 4 млн 800 миң сом берилген. Бул акчаны бөлүп келгенде бир окуучуга 62 сомдон туура келет.

Тендер жарыяланганда аткарыла турган иштер өтө чийки

Билим берүү боюнча эксперт Тынчтыкбек Досмуратов республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен ремонт иштерине жетиштүү каражат бөлүнөрүн айтууда. Ал көйгөйдүн жаралышына төмөндөгүдөй жүйөөлөрдү келтирди.

«Биринчиден тендер жарыяланганда аткарыла турган иштер өтө чийки көрүнөт. Ремонт иштери жылда болгондуктан, тендер эрте жарыяланышы керек. Мугалимдер эрте эле краскаларды алып, ремонтту эрте баштап, эс алууга чыгыш керек. Мунун баары [көйгөй] боёктор кеч келгенине байланыштуу. Анан да тендерден уткан компания сапатсыз краскаларды алып келгендиктен, мугалимдер өз жанынан акча кошуп же мектеп фондуна ата-энелер кошкон акчадан ремонт иштерине керек болчу шаймандарды алганга мажбур болушу мүмкүн», — дейт ал.

Досмуратов мугалимдер кошумча күч катары колдонуларын да сынга алды.

Ал мугалимдерге эмгек келишимде жок башка ар кандай иштер жүктөлүп келерин тизмектеп берди.

«Мисалы шайлоо мезгилинде үгүттөө иштерине аралашканы, ишембилик иштерин өздөрү жасаганына күбө болуп жүрөбүз. Мугалим бул иштер анын милдетине кирбешин билет, бирок ишинен кол жууп калбаш үчүн айтылган жумушту аткарууга мажбур болот» — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле Досмуратов мугалим мектеп директору менен эмгек келишимдин негизинде гана иш алып барышы керектигин, анын башкы милдети — окуучуларга сапаттуу билим берүү экенин кошумчалады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мектептеги акча топтоолор. Оштогу мектептин ремонтуна 1000 сомдон жыйноо маселеси талкууга түштү

«10 млн сом чогулган». Ата-энелер мектептеги Камкордук кеңешке акча берүүгө милдеттүүбү?