Штайнмайер: КР ЕБ менен тыгыз иштешсе Орусиянын санкцияны буйтап өтүүсүнөн арылышы мүмкүн

Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер кыргыз бийлиги Европа Биримдиги менен тыгыз кызматташып Орусиянын Кыргызстан аркылуу санкцияны буйтап өтүүсүнөн арыла алышы мүмкүндүгүн билдирди. Бул тууралуу Штайнмайер президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүү жүргүзүү учурунда айтты.

«ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар жана жүктөрдүн кыймылына көз салуу кыйын экенин билебиз. Бирок ошентсе да Европа Биримдигинин компетенттүү мекемелери менен тыгыз кызматташтыкта санкциялардан буйтап өтүү жылчыктарынан арылуунун жолу табылат деген ойдомун. Келечекте мына ушуга жетише алабыз деп үмүттөнөм», — деди Штайнмайер.

Буга чейин «Азаттык» радиосу кыргыз жана казак компаниялары аскердик жабдыктарды чыгарган орусиялык фирмаларга кош багыттагы технологияларды экспорттоп жатканы тууралуу иликтөө чыгарган. Журналисттердин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Казакстандан буйрутма кылынган санкция тизмесиндеги товарлар көп учурда көздөгөн жерине жетпей Орусияда түшүрүлүп калат.

Экинчи даражадагы санкциялар

АКШ жана анын өнөктөштөрү 2022-жылдын февралында Украинага кол салган Орусияны колдогон дүйнөдөгү ар башка компанияларга карата экономикалык санцияларды киргизип келет.

Буга чейин ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Орусияга карата санкциялар боюнча билдирүү жасап, Орусияга карата чектөөлөрдү колдобой жаткан өлкөлөр санкцияларды кыйгап өткөн платформа болбошу керек деп билдирген.

ЕБдин эскертүүсүнө карабастан Кыргызстан Орусия менен негизги тармактар боюнча тыгыз кызматташып, соода-сатыкты активдүү жүргүзүп жатат.

19-майда АКШ Кыргызстандын «Тро, Я» (Tro.Ya, LLC) компаниясына Орусиянын аскер күчтөрүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн санкция салганы белгилүү болгон. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компания 2018-жылы кайра каттоодон өткөн, негиздөөчүсү жана жетекчиси — Хилоу Насер Ишарович. Фирманын өзү Чүй облусунун Токмок шаарында катталган.

Компаниянын сайтында ишкана электрондук компонентерди, өндүрүштүк автоматиканы, навигациялык жабдууларды жана телекоммуникация үчүн компоненттерди ташуу менен алектенери айтылат. Бул Орусия Украинага кол салгандан бери кыргыз компаниясы АКШнын санкциясына кабылган биринчи учур болду.