Ростов-на-Дону шаарындагы аскердик техника. Сүрөт: Эрик Романенко / ТАСС

23-июнь күнү аскердик түзүмдүн башчысы Евгений Пригожин орус куралдуу күчтөрү Вагнердин позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин айтып, буга орус армиясынын жетекчилигин айыптады.

Пригожин аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети Пригожинге «аскердик төңкөрүшкө чакырык» фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми президент Владимир Путин кайрылуу жасап, өлкөдөгү абалды «куралдуу көтөрүлүш», «чегинүү» жана «чыккынчылык» деп атады.

Москва шаарына, Москва облусуна жана Воронеж облусуна «контртеррордук операция» режими киргизилип, бир катар облустарда массалык иш-чаралардын баары токтотулду.

«Клооп» орус өкмөтү менен «Вагнер» жеке аскердик түзүмүнүн ортосунда эмнелер болуп жатканын кенен баяндап берет.

Эмнеден башталды?

«Вагнер» жеке аскердик түзүмү Украинага 2022-жылдын башынан бери толук масштабдуу кол салууну уланткан Орусияга жоокерлерди камсыздап келген.

23-июнь күнү кечинде Орусиянын Украинага кол салуусунда жалданма аскерлерди камсыздаган «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин аскердик түзүмдүн лагерлерине ракеталык сокку болгонун айтып чыкты.

Пригожин кол салуунун кесепетинен аскерлер жабыркаганына даттанып, ага орус «аскер күчтөрүнүн» жетекчилигин айыптады. Ошондой эле ал, Орусиянын Коргоо министрлигинин жетекчилигинен өч алууну убадалап, жарандарды жана аскерлерди «катарга кошулууга» чакырды.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети 23-июнда Пригожинге куралдуу козголоң боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле комитет жеке аскердик топтун жоокерлерин «кылмыштуу буйруктарды» аткарбоого жана Пригожинди кармоого чакырды.

24-июнда эмне болду?

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлигинин штаб башчысы Валерий Герасимов жана генерал Сергей Суровикин «Вагнердин» жасалма аскерлерин армияга каршы чыкпоого жана өз позицияларына кайтууга үндөштү.

24-июнда Пригожин анын аскерлери Ростов-на-Дону аймагы толугу менен бөгөттөлгөнүн жана аскердик объектилер, аэродром басып алынганын видео кайрылуу аркылуу билдирди, бирок расмий органдар маалыматты ырастаган жок.

Ошол тапта соцтармактарда Ростов-на-Дону шаарынын көчөлөрүндө аскердик техникалардын жүргөнү жана М-4 «Дон» федералдык трассасы жабылганы тууралуу видео-сүрөттөр тарады. Аны менен катар Ростов облусунун башчысы тургундарды тынчтыкты сактоого жана зарыл болбогон учурда үйдөн сыртка чыкпоого үндөдү.

«Өлгөн аскерлердин саны телевизордон он эсе аз айтылат»

Пригожин Ростовду көзөмөлүнө алганын айткан видеосунда штабдагы маалыматтардан көп жерлердин колдон чыкканын жана Украинага кол салууда көз жумган аскерлердин чыныгы саны жашырылып келгенин билдирди.

«Көп сандаган аймактар колдон чыгып, набыт болгон аскерлердин саны жогору жакка билдирилген документтерден 3-4 эсе көп. Ал эми телевизордон айтылып жаткандар андан 10 эсе аз. Санитардык жоготуулар кээ бир күндөрү миңге жетет. Бул деген өлгөндөр, дайынсыз жоголгондор, согушуудан баш тарткандар жана жарадарлар», — деди Пригожин.

Путиндин кайрылуусу, Пригожиндин жообу

Орус президенти Владимир Путин жеке аскер түзүмдүн жетекчиси Пригожиндин кадамдарына 24-июнда гана кайрылуу жасап, өлкөдөгү абалды «куралдуу көтөрүлүш», «чегинүү» жана «чыккынчылык» деп атады.

Бирок «Вагнер» жана анын башчысы Пригожин тууралуу эч нерсе деп айтпай, кырдаалды турукташтыруу үчүн «чечкиндүү чара көрүлөрүн» билдирди.

«Аскердик козголоңду уюштуруп даярдагандар, согуштагы жолдошторуна курал көтөргөндөр Орусияга чыккынчылык кылышты. Алар буга жооп беришет. Ал эми бул кылмышка тартылып жаткандарды мен натыйжасы жаман, кайгылуу жана кайталангыс катаны жасабоого жана жападан жалгыз туура тандоону кылууга — кылмыштуу аракеттерге катышууну токтотууга — чакырам», — деп билдирди Путин.

Кийинчерээк аскердик компаниянын башчысы Пригожин телеграм каналы аркылуу президенттин кайрылуусуна жооп берип, анын «мекенге чыккынчылык кылды» деген сөзүн «терең жаңылыштык» деп айыптады.

«Биз мекенибиздин атуулубуз, согушуп келгенбиз, дагы согушабыз. Президент же Федералдык коопсуздук комитети талап кылгандай, эч ким багынып бербейт. Анткени биз өлкөнүн мындан ары коррупция, бюрократия жана калпка чулганып жашаганын каалабайбыз», — деп жооп берди Пригожин.

Өз кезегинде Путин Беларустун, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркиянын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берилгени маалымдалды.

Аскерлер «Вагнердин» катарына кошулуп жатканы айтылууда

Пригожин өзү Орусиянын Башкы штабы аба күчтөрүнө «Вагнердин» колоннасына сокку урууга буйрук бергенин, бирок учкучтар бул тапшырманы аткаруудан баш тартып, аларды «кучак жайып» тосуп алганын айтты.

«Разгрузка Вагнера» телеграм каналы 24-июнда Украинага чектеш Бугаевка чек ара бекетинде орус армиясынын 180 аскери жана коопсуздук кызматкерлери «Вагнердин тобуна» тоскоол болуудан баш тартып, алардын катарына кошулганын жазып чыкты.

Мунай базасындагы өрт

Бул аралыкта Би-Би-Си жана Reuters басылмалары Воронеж облусундагы бардык аскердик объекттер «Вагнердин» колуна өткөнүн жазды.

Ал арада Орусиянын күч түзүмдөрүнө таандык «К-52» тик учагы Воронеждеги мунай базасына сокку урду делген видео жарыяланды. Айрым версиялар боюнча тик учак мунай базаны «Вагнердин» жоокерлеринен басып алышына жолтоо болуу үчүн аткан.

Ал эми Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев өзүнүн телеграм каналында мунай базасында май куюлган цистерна өрттөнүп, жүздөн ашуун өрт өчүрүүчү иштеп жатканын айтты. Гусев жабыркагандар жок экенин билдирди.

«Вагнердин тобу» жана Орусиянын Украинага кол салышы

Орусия учурда Украина менен согушуп жатат, ал жакка орус армиясы 2022-жылдын 24-февралында кол сала баштаган.

БУУнун 2023-жылдын 5-июнуна карата маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салып киргенден бери эң аз дегенде 8 983 жай тургун каза таап, 15 миңден ашыгы жабыркаган. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт. Бул тууралуу украин бийлиги да айтып келет.

Аталган согуштан онго жакын кыргызстандыктын сөөгү келген — алардын көпчүлүгү Орусиянын абактарында жаза өтөп жатып «Вагнердин» тузагына илингендер.

*ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Элчилик кыргызстандыктарды Орусиянын Украина менен чектеш аймактарына барбоого чакырды