Элчилик кыргызстандыктарды Орусиянын Украина менен чектеш аймактарына барбоого чакырды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктарды Орусиянын Украина менен чектеш аймактарына барбай турууну суранды. Билдирүүнү 24-июнда Тышкы иштер министрлиги жарыялады.

Аны менен катар аталган аймактарда жашаган жарандарды тиешелүү коопсуздук чараларын сактоого жана зарыл учурда элчиликке дароо кайрылуу сунушталат.

Элчиликтин ишеним телефондору: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.

Кечээ, 23-июнь күнү «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин орус күчтөрү «Вагнердин» позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин айтып чыккан. Бул үчүн ал орус армиясынын жетекчилигин айыптаган.

Пригожин аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети 23-июнда «Вагнер» жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожинге «аскердик төңкөрүшкө чакырык» фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кийинчерээк орус президенти Владимир Путин кайрылуу жасап, өлкөдөгү абалды «куралдуу көтөрүлүш», «чегинүү» жана «чыккынчылык» деп атады. Бирок «Вагнер» жана анын башчысы Пригожин тууралуу эч нерсе деп айткан жок. Путин кырдаалды турукташтыруу үчүн «чечкиндүү чара көрүлөрүн» кошумчалады.

Учурда Москва шаарына, Москва облусуна жана Воронеж облусуна «контртеррордук операция» режими киргизилип, бир катар облусттарда массалык иш-чаралардын баары токтотулду.

«Вагнердин тобу» жана Орусиянын Украинага кол салышы

Орусия учурда Украина менен согушуп жатат, ал жакка орус армиясы 2022-жылдын 24-февралында кол салып баштаган.

БУУнун 2023-жылдын 5-июнуна карата маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салып киргенден бери эң аз дегенде 8 983 жай тургун каза таап, 15 миңден ашыгы жабыркаган. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт. Бул тууралуу украин бийлиги да айтып келет.

Аталган согуштан онго жакын кыргызстандыктын сөөгү келген — алардын көпчүлүгү Орусиянын абактарында жаза өтөп жатып «Вагнердин» тузагына илингендер.

*ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Азаттык»: «Абактагы балам согушта экен». «Вагнердин» торуна түшкөн кыргыз жарандары

«Озодлик»: Орусияда «Вагнер» тарабында согушкан борбор-азиялыктардын көрүстөнү табылды

Украинадагы согуштан 23 жаштагы теги кыргызстандык Байжигит Юсупбаевдин сөөгү келди