Араван: Ымыркайдын сөөгүн жолбун иттер сүйрөгөн окуя боюнча иликтөө башталды

Араван району. Сүрөт: Azattyk

Дисклеймер: Бул материалда үрөй учурган окуя баяндалат. Эгер бул сизге жагымсыз сезимдерди тартууласа, макаланы окуудан баш тартканыңыз оң.

Ош облусунун Араван районуна караштуу Юсупов айылында ымыркайдын сөөгү иттер сүйрөп жүргөн жеринен табылды. Бул тууралуу «Клоопко» 29-июнда облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Юсупов айылынын 59 жаштагы тургуну 28-июнь күнү Курман айт намазына баратканда көчөдө иттер топтолуп калганын байкаган. Ал жакын барган учурда иттер эркек ымыркайдын сөөгүн сүйрөп алганын көргөн. Киши сөөктү айылдын мечитине алып келип, милицияга кабар берген.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерди изилдеп, күбөлөрдү суракка алды. Ымыркайдын сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизага дайындалды.  

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжайда ымыркайдын сөөгүн баштыкка салып таштап кеткендер изделүүдө