Кадамжайда ымыркайдын сөөгүн баштыкка салып таштап кеткендер изделүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунда ымыркайдын сөөгүн баштыкка салып таштап кеткен белгисиз адам жана ымыркайдын энеси изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-март күнү саат 18:00 чамасында Кадамжай шаарынын 42 жаштагы тургуну мал кайтарып жүрүп Миң-Жылга сайынан баштык таап алган, ичинде ымыркайдын сөөгү болгон.

РИИБдин ыкчам тергөө тобу жерине барып, баштыктан ак кездемеге оролгон эркек наристенин сөөгүн жана MI Bаnd 4 үлгүсүндөгү кол саат алып чыгышкан.

Аталан факты РИИБдин электрондук журналына катталып, экспертизалар дайындалды.

Учурда ымыркайдын энесин жана аны талаага таштаган белгисиз адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

2021-жылдын 11-августунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында ажатканага ташталган жаңы төрөлгөн ымыркайды куткарышкан. Ошол эле күнү бул боюнча милицияга кабар берилген.

Кийинчерээк укук коргоо органдары ымыркайдын 18 жаштагы энесин таап, «Коркунучта калтыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Тергөө маалында шектүү кыз зордукталганын айткан.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөнү толугу менен мойнуна алган. Ал бир жылга шарттуу кесилген.

Токтогул: Ымыркайын ажатканага таштап салган 18 жаштагы кыз бир жылга шарттуу кесилди