Иллюстрация: Вера Андрианова атайын «Клооп» үчүн
Cөз эркиндиги, тынч чогулуштарга эркин чогулуу, абийир эркиндиги — Кыргызстанды Борбор Азиядагы коңшуларынан айырмалап турган бул артыкчылыктар эми артта калды. Президент Садыр Жапаров Орусия жана Кытайдын Батыш менен тирешин өз кызыкчылыгына пайдаланып, бир колу менен реэкспорттон пайда көрүп, инвестиция жана донорлордун жардамын алса, экинчи колу менен — путинчил режимдин эң ырайымсыз, адилетсиз мыйзамдарын көчүрүп келип, өлкөнүн заманбап тарыхында алгачкылардан болуп, диктатор коңшуларынын жолун жолдоп, өмүр бою такта олтуруунун камын көрүп жатат.
Материал «Медиасеттин» колдоосу менен даярдалды.
Freedom House уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2020-жылы 30 миңге жакын коммерциялык эмес уюм катталган. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын эсеби боюнча, өлкөдө 18,5 миң коммерциялык эмес бейөкмөт уюм бар. Бул мамлекеттик бийликтин жарандарынын алдындагы конституциялык милдеттерин талаптагыдай аткара албаган жардылыгы менен жана 30 жылдан бери эл аралык финансылык жана коммерциялык эмес уюмдардан жардам алып жашап келатканы менен байланыштуу.
Билим берүү, медицина, таза суу менен камсыздоо, укук коргоо жаатындагы ишмердүүлүк, турак-жай куруу, балдарга, дыйкандарга, медиага жардам, кайрымдуулук, маданият, мамлекеттик башкаруу — Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар аралашпаган тармакты табуу кыйын. Булардын баары өлкөнүн өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп келет. Мындай жардамдын терс бирок өтө маанилүү кесепети ушул болду — сергек жарандык коом калыптанды. Пикирин ачык айткан, коркпой талкуулаган, өз ара аракеттенүү деңгээли бийик жарандык коом Борбор Азияда чанда кездешет.
2020-жылы бийликти басып алгандан кийин Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дал ушул жарандык коомго каршы күрөшө баштады. Калктын эң караңгы катмарынын канына сиңген патриархалдык көндүмдөрүн козгоп, атайы эле коомдун артка кетүүсүнө, мамлекеттин милитаризмге бет алуусуна шарт түзүп жатышат.
ЛГБТ коомунун дарегине жедеп кулакка сиңип, жадатма болгон каргышын жаадырып элди алаксытып коюп, ал арада тарифтерди, пенсия курагын көтөрүп жатышат. Өлкөдө атайын кызматтын жаңы кеңселери, аскердик шаарчалар жаандан кийинки козу карындай жайнап, курал-жарак сатып алынып, артыкчылыктарга ээ болгон күч түзүмдөрүнүн кастасы пайда болду.
2020-жылы Freedom House Кыргызстанда консолидацияланган авторитардык режим орногонун, ал эми мамлекеттеги эң эле «дени сак демократиялык институт» — жарандык коом экенин айтып чыккан. Ушул тапта өлкөдөгү демократиянын калдыктарын тыптыйпыл жок кылуу үчүн Жапаровдун режими жасабаган иш деле калбагандай. 2022-жылы митингдерге тыюу салынды; кайсы бир аткаминердин арызынын негизинде, соттук териштирүүсү жок эле бийликке жакпаган медианы жаптырып сала турган Орусиянын ЖМК тууралуу мыйзамынын көчүрмөсүн кабыл алды; ойдон чыгарылган себеп менен «Азаттыктын» кыргыз кызматын жаптырды; бийликке сын айтканы үчүн жарандыктан ажыраткан орусиялык тажрыйбаны алгач ирет колдонуп, иликтөөчү-журналист Болот Темировду өлкөдөн кууп салды; коңшулаш Өзбекстанга өтүп кеткен Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп калалы деген ондогон активисттерди темир тор артына киргизди.
2023-жылы Кыргызстандын бийлиги аларга каршы чыккандарды экстремизмге жана терроризмге айыптады, согушка каршылыгын билдирип Орусиядан качып келген активисттерди кайра артка кайтарды, парламенттин оппозициялык фракциясынын депутаты Адахан Мадумаровго кылмыш ишин козгоону демилгеледи. Ушул жайда толугу менен Орусиядан көчүрүлгөн «чет элдик тыңчы» мыйзамын кабыл алууну көздөп жатат. Баса, уялышканбы айтор, мыйзамдын аталышын сөзмө сөз көчүрбөстөн «чет элдик өкүл» деп алмаштырышкан.
Аталган мыйзамдын талаптарын аткаруу дээрлик мүмкүн эмес. Чет жактан акча алган (айырмасы жок кандай максатта) жана мааниси өтө кеңири колдонулган «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген кайсы гана уюм болбосун чет элдик тыңчы деп аталып калат. Алар жарым жыл сайын уюмдун ээси ким, кандай мүлкү бар, кайдан каржыланып жатат жана каражатын кайда жумшаганы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирилет. Андан тышкары, милдеттүү аудит өткөрүп турат. Андай аудит коммерциялык эмес уюмга 10 миң долларга чейин чыгым менен аякташы мүмкүн.
Аткаминерлер иш-чаралардын баарын тескеп, коммерциялык эмес уюмдун ишмердүүлүгү менен максаттарын текшерип, ишин жарым жылга токтотуп, кимдир бирөөгө материалдык жардам көрсөтүүгө тыюуу сала алат. Ошондой эле, «жарандарды жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартуу же башка укукка каршы жосундарды жасоого козутуу» менен байланышкан коммерциялык эмес уюмда иштегени үчүн кылмыш ишин козгой алат. Бул жерге каалаган бузууну илип койсо болот.
Жети эл аралык гуманитардык уюм Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусунда Кыргызстанда «журналисттерге карата репрессия күчөгөнүн, басма сөз эркиндиги ооздукталып» жатканын айтып тынчсызданышкан. Жапаровдун администрациясы биз ар дайым демократиянын принциптерин карманабыз деген бүдөмүк жооп берген. Анткен менен Орусияда ушундай мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын көпчүлүгү жабылып, кызматкерлери абак же эмиграция деген тандоого туш келген.
Кыргызстандын эл аралык колдоодон көз карандылыгын эске алганда, мындай кадамдын кесепети оор болот. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, бул жумушсуздукка дагы алып келиши мүмкүн. Анткени коммерциялык эмес уюмдар көптөгөн жарандарды иш менен камсыздаган.
Кыргызстандыктар соцтармакта бийликти эркин сындоону улантып, азырынча жаңы мыйзам эмне үчүн коркунучтуу экенин толук сезе элек. А бирок Орусиянын тажрыйбасы аталган мыйзам орунсуз курулушка же сейил бакты кыйгандарга каршы чыккан ар бир адамга тиешелүү болорун көрсөттү. Ал эми кыргызстандын бийлиги орус мыйзамын көчүргөндөн кийин, катардагы жарандарды деле «чет элдик тыңчы» деп атаганга жол берген толуктоону деле киргизиши толук мүмкүн эмеспи.
«Бизде кайда караба чет элдик тыңчы — артист Максим Галкинден баштап Тула облусундагы саанчыга чейин, — деп айтып берди Орусиянын ЖМКны коргоо борборунун жетекчиси Галина Арапова. — Бул тамаша эмес, май айында беш балалуу саанчы аял чет элдик тыңчылардын тизмесине кирди. Анткени ал унчукпай отура алган эмес, өзү жашаган айылдын көйгөйлөрүн көтөрүп чыгып, ыңгайсыз суроолорду берип турган. Же болбосо, чет элдик тыңчылар реестринде бир ишкердин жесири бар. Аны эч ким тааныбайт, соцтармакта пикирин жазбайт. Болгону маркум күйөөсү кезинде кимдир бирөөнүн соода жолун кесип өткөн экен, чет элдик тыңчы аталууга ошол жетишүү болгон. Коммерциялык эмес уюмдан саанчыга чейинки жолду Орусия он жылда басып өттү».
Сүрөт: Marcin P. / Flickr
Казакстан эркиндикти бөлүп-жарып жок кылууда
Ушул эле тенденциялар Казакстанда да байкалат. Сыртынан карасаң мамлекет коммерциялык эмес уюмдарды колдоп жаткансыйт, бирок иш жүзүндө мамжардамды бир гана мамлекет түптөгөн мамлекеттик эмес уюмдар алат. Андан тышкары, башкалар үчүн 2015-жылдан бери Казакстандын Кылмыш-жаза кодексине киргизилген түзөтүүлөр иштейт. Ага ылайык, «коомдук бирикменин лидери» деген макам оорлотуучу жагдай болуп саналат.
2018-жылы өлкөдө чет элдик каржылоо алган адамдардын маалымат базасы түзүлгөн. Мындай финансылык колдоо алган коммерциялык эмес уюмдар салык кызматына «экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү» үчүн киргизилген атайын отчётту тапшырууга милдеттүү. Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү бул Орусиянын мисалындагыдай ыңгайсыз уюмдарды жабуунун жолу деп эсептешет.
2023-жылы күзүндө Казакстандын салык кызматы чет өлкөдөн грант алган коммерциялык эмес уюмдардын тизмесин жарыялайт. Бул боюнча түзөтүүлөр үстүбүздөгү жылдын 1-январында, автократтардын сүйгөн шылтоосу менен — коммерциялык эмес уюмдарга болгон «ишенимди чыңдоо» үчүн — күчүнө кирген.
Анткен менен, Казакстандын бийлиги Кыргызстандык кесиптештери сыяктуу орусиялык репрессиялык мыйзамдарды толугу менен көчүрүп алууга дааган эмес. Саясат таануучу Димаш Альжанов «Клоопко» курган маегинде бул жагдайды Казакстандын элинин Орусияга карата мамилеси салыштырмалуу суук-селки экени менен түшүндүрдү. Ошондой эле Альжанов, казак өлкөсүндө январдагы ок атуудан кийин президент Касым-Жомарт Токаевдин ишине канааттанбагандар көбөйгөнүн айтып, ошол себептен Астана Москванын мыйзамдарынын айрым элементтерин гана колдонуп жатканын белгиледи.
«Акыркыларынын бири — блогерлердин ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам долбоору. Мыйзам негизи пост чыгарганы үчүн акча алган блогерлер тиешелүү органга кабарлап жана салык төлөшү керек деген “чык” менен тартууланган. Бирок ошол эле мыйзам долбоорунда “анык эмес” маалымат жарыялаганы үчүн өтө чоң айыптар каралган. Каалоо болсо, бул ченемге тигил же бул серепчинин пикирин деле киргизип койсо болот»,— деп түшүндүрдү Альжанов.
Анын айтымында, Казакстан консолидацияланган актократия катары мурдараак калыптанган, жана бул жааттан алганда Кыргызстан анын артынан кууп келе жатат. Казакстанда көпчүлүк тоскоолдуктар мурда эле даярдалган. Болгону чектөөлөрдү тандап колдонушат — бийлик кимди коркунучтуу деп санаса, ошого жараша.
Мисалы, сиз коммерциялык эмес уюмду каттоодон өткөрбөсөңүз «мыйзамсыз ишмердүүлүк жөнүндө» ченем бар. Же болбосо, «Коомдук бирикмелер жөнүндө мыйзам» — ушул мыйзамдын негизинде акыркы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, «Элдик парламенттин» алгачкы жыйынын өткөргөндөн кийин системалуу эмес талапкерлерге айып салынган.
Димаш Альжановдун пикиринде, Орусияда Москва думасына болгон чуулгандуу шайлоодон кийин киргизилген электрондук добуш берүү ченеми жакында Казакстанга келиши мүмкүн. «Ошол учурда өкмөттүн аткаминерлери менен саясатчылары Москвага тажрыйба алмашуу үчүн барышкан. Токаев дагы атайын билдирүү жасаган», — деп эскерет саясат таануучу.
Сүрөт: Khusen Rustamov / Pixabay
Өзбекстан: ичинен кемирилген бейөкмөт уюмдар
Өзбекстанда мамлекет коммерциялык эмес уюмдарга кордицепс кумурсканын мээсине киргендей эле орноп алган. Комдук уюмдарга аткаминерлерди отургузуп коюп, чет элдик кайрымдуулардын башын айлантып грант алып, каражатты өзү билгендей жумшайт.
Өзбекстанда чет элдик тыңчы жөнүндө мыйзам жок. Шавкат Мирзиёевдин тушунда режим жалпысынан демократиялашканы менен, коммерциялык эмес уюмдардын баскан-турганын тескеген регламент орусиялык чет элдик тыңчы мыйзамынан айырмаланбайт.
Өзбекстанда коммерциялык эмес уюмдарды аккредитациядан өткөрүүдөн мурда ишенимдүүлүгүн көпкө чейин сынашат. Юстиция министрлигине керек болсо уюмдун өкүлдөрүнүн чет өлкөлөргө чыгып келгени тууралуу дагы отчёт берилиши керек. Аны менен катар, ар бир коммерциялык эмес уюм ИИМ жана бийлик органдары менен «өнөктөштүктө» аш алып барууга милдеттүү. Өз кезегинде бул деле отчёттун бир формасы. Ошондо дагы каттоого турам же грант алам деген коммерциялык эмес көп тоскоолдуктарга кабылат.
Кыязы, бийликке бул дагы аз өңдөнсө керек. 2022-жылы июнда өкмөт эл аралык гранттык долбоорлорду ишке ашырууда маморгандар менен коммерциялык эмес уюмдардын кызматташуу тартиби жөнүндө токтом чыгарган. Токтомго ылайык, мамлекеттик «өнөктөш» өйдө жактан дайындалат, долбоордун бардык этабына катышат жана ага өзгөртүү киргизе алат.
Ар бир алына турган грант Минюст, «улуттук өнөктөш» жана ТИМ менен макулдашылат, ал эми 57 миң доллардан өйдө турган долбоор болсо — Министрлер кабинетинин макулдугу керек. Бийлик грант алууну жактырса, кийинки этапта акчаны алуу жана долбоордун ишке ашырылыш тартиби мыйзамда ирети менен жазылган.
Ушул тажрыйба киргизилгенден кийин Минюст коммерциялык эмес уюмдардын грант тууралуу билдирүүлөрүн көрмөксөнгө сала баштаган, ал эми өнөктөш-аткаминерлер долбоорду ишке ашырууну саботаж кыла башташкан. Натыйжада ашыкча бюрократиядан улам эл аралык донорлор долбоорлорго деп акча которуудан чочулай башташкан.
Коммерциялык эмес укуктун эл аралык борбору (ICNL) бул токтомду бийликтин коммерциялык эмес уюмдардын ишине түздөн-түз кийлигишүүсү деп баалаган. Уюмдун кызматкерлери токтомду жокко чыгарууну суранышкан. 2022-жылы декабрда укук коргоочулар менен жолуккандан кийин Минюст документти толуктап иштеп чыгуу үчүн артка жөнөткөн.
Жалпылап айтканда, Өзбекстанда жарандык коомдун абалы жакшы деп айтууга болбойт. Болбосо көптөгөн жылдар бийликте отурган диктатор Ислам Каримов 2016-жылы көз жумгандан кийин ЖМКлар салыштырмалуу эркин болуп, экономика — либералдуурак боло түшкөн. Бирок сөз эркиндиги жана тынчтык чогулуштары дагы деле чектелген. Андан тышкары, Өзбекстан гомосексуалдуулук үчүн абакка камаган мурдагы СССРдеги эки өлкөнүн бири. Мындан бир жылга жетпеген убакыт мурда ИИМ сойкуларды, гемосексуалдарды жана баңгизат колдонгондорду күч колдонуп ВИЧке текшерүүнү сунуштаган. Башкача айтканда, бийлик сексуалдык ориентацияны баңгилер менен барабар деп сыпаттаган. Сунуш азырынча өтө элек.
Сүрөт: Rjruiziii / CC-BY-SA-3.0
Тажикстан: укук коргоочулардын коркунучтуу түшү
Мындан он жыл мурда Азия өнүктүрүү банкы коммерциялык эмес уюмдарды «жарандык коомдун жүрөгү» деп атачу: коңшулаш Кыргызстан сыяктуу эле алар жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө зор салым кошуп, дыйкандарга жардам берип, калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүп, жарандардын укугун коргоп, билим берүүнү жакшыртуу менен алектенген.
Республиканын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы Тажикстанда 2500дөн ашык коомерциялык эмес уюм иштеп турган. Алардын көпчүлүгү сырткы донорлордун каражатына көз каранды. Чектен ашкан мамлекеттик көзөмөл, атайын кызматтын өз билемдиги жана стигматизациядан улам гранттар кыскарып кеткен: пропаганда «коммерциялык эмес» уюмдарды «өкмөткө каршыларга» теңеп, алардын айланасында күмөн саноонун, шектенүүнүн атмосферасын жараткан.
Тажик мыйзамдарында «чет элдик тыңчы» деген түшүнүк жок, бирок бийликтин журналисттер менен укук коргоочуларга карата мамилеси Орусиядан кем калышпайт. 2005-жылдан бери коммерциялык эмес уюмдарды ишмердүүлүгү тууралуу жыл сайын отчёт берүүгө милдеттендиришкен. 2007-жылдан тартып — донорлор менен байланышканы тууралуу маалыматты кызматташуу токтогондон кийин беш жыл сактоо талабы кирген. 2014-жылдан тартып — грантты Минюстка каттатуу керек деген эреже кирген. Юстиция министрлигинде болсо аны бөгөттөп кое турган ыйгарым укук бар. 2015-жылдан баштап, «Коомдук бирикмелер жөнүндө» мыйзамга түзөтүү киргенден кийин, күч түзүмдөрү жана салык кызматы коммерциялык эмес уюмдарды такай текшерип, тинтип, айып салып, кызматкерлерин кармап, аларга кылмыш ишин козгоп баштаган.
Human Rights Watch 2021-жылга карата Тажикстан боюнча докладында өлкөдө укук коргоочулар менен юристтерди коркутуп, саясий репрессиянын курмандыктарынын ишин алып баруудан баш тартууга аргасыз кылышат деп жазган. ЖМКдан материалдарын Мамлекеттик телерадио компания менен макулдашууну талап кылып, аткаминерлерди сындоого мыйзам менен тыюу салышкан. Ашыкча тайманбас журналисттер менен блогерлерди коркутушат, зомбулук көрсөтүшөт жана камакка алышат.
Мындан тогуз жыл мурда бүткүл дүйнөдөгү 92 укук коргоочу уюм Тажикстандын бийлигине кайрылып, коммерциялык эмес уюмдардын укугун коргоого чакырган. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты бейөкмөт уюмдарга мындай басым көрсөтүүнүн шартында өлкөдөгү коммерциялык эмес уюмдар чет элдик жардамдан баш тартууга аргасыз экенин эскерткен.
Дал ошондой болуп жатат. 2022-жылы Тажикстанда 25 жыл иштеген Сорос Фондунун бюросу жабылган. Ошол эле жылы бийлик соттун чечими жок эле Памир юристтер ассоциациясын жоюп салган. Жетекчиси 16 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл сот Адам укуктарын коргоо көз карандысыз борборун — юристтери куугунтукка кабылган журналисттерге, кыйноого кабылгандарга, өлкөдөн күч менен чыгарылгандарга акысыз жардам көрсөткөн белгилүү уюмду жаап салды.
Юстиция министрлиги мамлекет болгону гранттын булагын жана кайда сарпталаарын билгиси келет деп билдирген. Бирок IWPR менен сүйлөшкөн анонимдүү мамкызматкер бийлик «түстүү революциядан» коркуп жатканын ырастап, эмки кадамда Орусиянын «чет элдик тыңчы» мыйзамынын аналогун кабыл алышы мүмкүн экенин айтып берген.
2023-жылы мартта CIVICUS Monitor уюмунун рейтингинде Тажикстан «репрессивдүү» деген көрсөткүчтөн дагы ылдыйлап «жабык өлкө» деп аталган. Бул мындай баага татыган өлкөлөр — Эритрея, Никарагуа, Куба, Сириянын ичинен эң төмөнкү көрсөткүч. Баса, Орусия дагы бар. «Биз Орусиянын чакан көчүрмөсүбүз», — деп айткан 2012-жылы эле тажикстандык эксперт Нурали Давлатов.
Ал эми жарандардын эркиндиги тууралуу айта турган болсок, Тажикстандагы азыркы абал Орусиядан дагы кейиштүү. Гетеросексуалдык эмес ориентация мыйзам менен жазаланбайт, бирок гомосексуалист экенин мойнуна алуу ден соолугуна, өмүрүнө тобокел жаралат дегенди түшүндүрөт. Күч түзүмдөрү ЛГБТ өкүлдөрүнө кадимкидей аңчылык кылат.
Сүрөт: Peter Anta / Pixabay
Грузия: антипутиндик коомдогу путинчил бийлик
2012-жылы Европа баалуулуктарынын байрагын көтөрүп бийликке келген «Грузин кыялы» партиясы чынында орусчул экени тууралуу шектенүүлөр айтыла баштаганына көп болгон. Орусиянын Украинага карата агрессиясы башталганда бул күмөн саноолор тастыкталды. 2022-жылы Грузия бир кезде Украиндан алган «Бук» зениттик комплексин кайра өзүнө берүүдөн баш тартты. Ал эми 2023-жылы грузин парламенти эки мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган — «Чет элдик таасирдин ачык-айкындуулугу жөнүндө» жана «Чет элдик тыңчы жөнүндө актыны каттоо жөнүндө».
Биринчи мыйзамга ылайык, каражатынын 20%ын сырттан алган ЖМК жана коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигинин көзөмөлүндөгү «чет элдик таасирдеги тыңчылар» реестрине кирмек. Экинчи мыйзам боюнча, «чет элдик тыңчы» макамы ЖМК менен коммерциялык эмес уюмдарга гана эмес, чет мамлекеттен каржыланган бардык эле юридикалык жана жеке жактарга берилмек. «Чет элдик тыңчы» катары каттоодон өтүүдөн баш тарткан учурда юридикалык жактарга 10 миң доллар айып, жеке жактарга — беш жыл эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Грузиянын батыштагы ири өнөктөштөрү жана донорлору бийликти мыйзамды артка чакыртып алууга үндөгөн. Мыйзамдын чектен ашкан ырайымсыздыгы жана грузин коомчулугунун идеалдарынын чыккынчылыгы жарандарды ушунчалык кыжырдантып, нааразычылык акцияга чыккандар парламентти талкалап коё жаздашты. Мунун баары депутаттарды мыйзамды артка чакыртууга аргасыз кылды.
Ошентсе да, Грузия менен Орусиянын логистикалык ынактыгына, орусиялык жана белорустук оппозиция өкүлдөрүнө өлкөгө кирүүгө тыюу салганына жана саясатчылардын гомофобдук маанайдагы билдирүүлөрүнө баам салып айта турган болсок, «Грузин кыялы» партиясы бул мыйзам долбоорун кийин кайра карачудай. «Медиасеттин» журналисти Диана Петриашвилинин божомолунда, депутаттар бул маселеге август айында, саясий активдүү жарандар өргүүгө кеткенде кайтып келиши мүмкүн. Ал эми мыйзамды артка чакыртуудагы протоколдун бузулушу формалдуу шылтоо болуп калат.
Кадам сайын Украинанын туусу илинген, Орусия менен болгон согушту эстетип турган белгилер жайнаган өлкөнү он жылдан ашык антибатышчыл, орусиялык ишкер Бидзина Иванишвили түптөгөн партия кандайча башкарып келди?
«Клооптун» маектеши муну миллиардердин өкмөттө маанилүү кызматтарды ээлеп отурган бизнес-чөйрөсү көпкө чейин беткабын чечпей келгени менен байланыштырды. Ал эми «Грузин кыялы» шыктуулук менен шайлоочуларды манипуляциялап, лидери Михаил Саакашвили 2021-жылдан бери абакта жаткан оппозицияны маргиналдаштырып келет.
«Грузияда сурамжылоодон өткөндөрдүн 90%ы такай евроинтеграцияны колдойбуз деп жооп беришет, бирок ЛГБТ боюнча суроо берилгенде дароо өзгөрө түшөт, — деп түшүндүрдү Диана Петриашвили. — Бийлик бул жагдайды өз пайдасына колдонот: батыштын баалуулуктарын жактырсаң, кимге үйлөнүштү да билбей каласың деп мисалы. 2024-жылы күздө боло турчу шайлоого “Грузин кыялы” орусиялык мыйзамга окшош “ЛГБТ пропагандага тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизүүгө аракет кылат. Андан тышкары, бизде жыл өткөн сайын орус пропагандасы күчтөнүп жатат. Бирок негизгиси бул эмес. Грузияда 2008-жылы [Орусия Грузияга кол салганда] ким канчалык күчтүү болгонун эч ким унута элек. Бийлик болсо, эгер согушту каалабасаңар, келгиле Орусиянын ачуусуна тийбей жашайбыз деп жатат. Эл болсо согуштан көңүлү калган, ошону туура көрүп атат».
«Грузин кыялы» партиясынын тарапташтары дагы деле бар, бирок 2020-жылы шайлоо таза өткөндө, алар парламенттин көпчүлүгүн түзбөсө керек эле деп эсептейт Петриашвили. «Фальсификация болгонунун далилдери өтө көп болчу, — деп эстейт журналист. — Бирок пандемиядан улам шайлоодо байкоочулар жетишсиз болду, ал эми биздин батыштагы өнөктөштөр [бузууларга] катураак реакция жасаса болмок».
Сүрөт: Sek Keung Lo / Flickr
Азербайжан: мамлекеттин тепсендисинде калган коомчулук
Бул тизмедеги башка өлкөлөр сыяктуу эле, коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамдардын тааталданышы Азербайжанда 2013-2014-жылдары башталган: анда постсоветтик автократтарды Евромайдан жана президент Януковичтин тактан кулатылышы чочуткан.
2014-жылы Азербайжанда укук коргоочулук жаатында иштеген алты жергиликтүү, бир эл аралык коммерциялык эмес уюмдун банктык эсеби камакка алынган. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, бул бейөкмөт уюмдар батыштан грант алып мыйзамды бузушкан.
Ошол эле жылы «Репортёрлордун эркиндиги жана коопсуздугу» деп аталган жергиликтүү институтунун лидери Эмин Гусейнов 10 ай бою Швейцариянын элчилигинде жашап, аталган өлкөнүн ТИМ башчысынын кийлигишүүсүнөн кийин гана Швейцарияга чыгып кеткен. Ага чейин Гусейновду салык төлөбөгөнү үчүн деген ойдон чыгарылган кылмыш ишинин негизинде камакка алуу аракети жүргөн болчу. Швейцариялык коммерциялык эмес уюмдар Азербайжандагы иштерин токтотууга аргасыз болушкан.
2015-жылы эл аралык укук коргоочулар жарандык коомго жана эркин медиага басым көрсөткөнү үчүн Азербайжанды сынга алышкан. Бир айдан кийин бийлик ОБСЕнин долбоорлор боюнча координаторун өлкөдөн кууп чыккан. Мындай чечимди эч ким түшүндүрүп да берген эмес. Уюмдун өзүнөн болсо, дээрлик бардык азербайжандык көз карандысыз ЖМКлар, медиа жана коммерциялык эмес уюмдар атайын багытталган куугунтукка, негизсиз айыптоолорго кабылганын айтып беришкен.
Amnesty International уюму темир тор артына түшкөн азербайжандык 10 кишини абийир туткуну деп атаган. Ушундан кийин Amnesty International үчүн Азербайжандын эшиги жабылган.
Азыр Азербайжанда коммерциялык эмес уюмдар саясат менен алектенүүгө укугу жок. Саясат дегенде көз карандысыз коомдук иштердин бардык түрү деп түшүнүү керек. Каттоого туруу үчүн өкмөт мүчөлөрүнүн жана Минюсттун макулдугу керек. Чет мамлекеттин үлүшү бар коммерциялык эмес уюмдун бир гана кеңсеси болууга тийиш, ал эми жетекчинин орун басары сөзсүз Азербайжандын жараны болсун деген талап бар. Чет элдиктер түптөгөн жергиликтүү бейөкмөт уюмдар каражаттын өлчөмү жана булагы жөнүндө отчёт берүүгө милдеттүү. Ал эми чет элдик коммерциялык эмес уюмдун филиалдарына грант алууга татаал чектөөлор коюлган. Алардын кызмат көрсөтүү тууралуу кандай гана келишими болбосун аткаруу бийлиги тарабынан жактырылышы керек.
Өлкөдө каттоого турган төрт миңден ашык коммерциялык эмес уюм бар, бирок Нефтичилердин укугун коргоо комитетинин башчысы Мирвари Гахраманлынын айтымында, бул уюмдардын басымдуу көпчүлүгүн мамлекет каржылайт жана алар мамлекет түптөгөн мамлекеттик эмес уюм болуп саналат.
Чыныгы бейөкмөт уюмдар менен журналисттер катуу куугунтукталат, иштей албайт, эсептери тоңдурулган, алардын лидерлеринин айрымдары абакта же эмиграцияда. Эмиграцияда жүргөндөргө дагы Алиевдин атайын кызматынын аңчылыгы токтобой келет.
Европа кеңешинин терс пикирине карабай, 2022-жылы күчүнө кирген «Медиа жөнүндөгү» мыйзам Азербайжандагы сөз эркиндигин ансайын алсызданткан. Мыйзам боюнча, саясий партияларга маалымат каражаттарынын ичинен басылма чыгарууга гана уруксат берилген. Ал эми бардык медиабулактарга четтен финансы алууга тыюу салынган. Анан калса, «медиа» деген түшүнүк интернеттеги бардык ишмердүүлүккө тиешелүү, бир гана журналисттерге гана колдонулат десеңиз жаңыласыз.
Мыйзамда ЖМКнын бирдиктүү реестри деген ченем бар, ошондой эле соттуулугу бар киши медиа булак ачууга укугу жок. Ал эми журналисттер менен укук коргоочуларга карата ачылган сот иштерин эске алганда, муну оппозициялык маанайдагы жарандарга иштөөгө тыюу салынат деп кабыл алса болот. Реестрге катталуу үчүн ЖМК маморгандарга басылманын ээси жана башкы редакторунун жеке маалыматтарын гана эмес, бардык кызматкерлердикин берүүгө милдеттүү. Андан тышкары, мыйзам Азербайжандагы бардык, анын ичинде чет элдик дагы интернет булактар менен платформаларды лицензия алууга милдеттендирет.
Журналисттер жашыруун жол менен алынган маалыматты таркатууга акысы жок. Медиа болсо атайын келишим жок болсо, башка булактагы маалыматтын үчтөн бирин гана колдоно алат. Башкача айтканда, маалыматты бөлүшүүгө дээрлик тыюу салынган.
Сүрөт: Rudoslawa_Lucyferowska / Pixabay
Беларус: «террорчулар» турганда «чет элдик тыңчынын» эмне кереги бар?
Белорус бийлиги чет элдик тыңчы мыйзамын 2020-жылы — президент Александр Лукашенконун авторитардык саясатына каршы чыккан жаштар менен шаардык орто класстагы тургундардын массалык нааразычылык акциясын каардуулук менен баскандан кийин иштеп чыкты. Бул миссияны депутат Андрей Савиных башында турган парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети мойнуна алган.
Орусиядагы аналогунан айырмаланып, белорус мыйзам долбоорунда чет элдик тыңчы экенин моюндаган факты үчүн ЖМК же коммерциялык эмес уюмга айып салуу каралган. Ошондой эле, уюмга тиешеси барлар өмүр бою мамлекеттик кызматка жолой албайт деген ченем бар. Бирок 2021-жылы бийлик күтүүсүздөн бул мыйзамды кабыл алуудан баш тарткан. Өлкөнүн суверендүүлүгү ансыз деле чет өлкөнүн таасиринен корголгон деп түшүндүргөн 2021-жылы вице-премьер Игорь Петришенко бул боюнча.
Бул максатты 2021-жылы жайында парламентке кайрылуусунда Лукашенко өзү тагыраак түшүндүргөн. Биздин мамлекеттин саясий айдыңында «чет өлкөдөн каржыланган чет элдик тыңчылар таптакыр болбойт» деген ал. Алтургай, оппозициялык ЖМК менен коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн «террор» деп атаган. Ал кезде өлкөдө ондогон коомдук бирикмелер менен басылмалардын кеңсесинде тинтүү жүрүп, журналисттер менен коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлери абакта отурган.
Белорус экономикасындагы күчөтүлгөн көзөмөлдү эске алганда, көз карандысыз ЖМК менен бейөкмөт уюмдар бийликтен гана каржылык колдоо ала алат. Коомдук бирикмелерге акчасын жана баалуу заттарын чет өлкөдө кармоого тыюу салынган. Жарандарга чет өлкөгө чыкканда улуттук, диний же саясий айырмачылыгына жараша артыкчылык алууга (мисалы «поляк картасы» же Израил жарандыгы) көмөк көрсөткөн уюмдарга тыюу салынган.
Ал эми Орусия Украинага толук масштабда бастырып кирип, Лукашенко орус тарапты колдогондон баштап, бейөкмөт коммерциялык уюмдар таптакыр мүңкүрөдү деп эсептесек болот. Көз карандысыз коомдук уюм менен кызматташканы үчүн Белоруста абакка камап салышы мүмкүн (мындай мыйзамды учурда Орусия кабыл алуу алдында турат).
Ошол эле учурда, белорус пропагандасы юридикалык жактан таанылбаган «чет элдик тыңчы» терминин кеңири колдонуп келет. Мисалы, «оппозиция — булардын баары чет элдик тыңчылар» деген сыяктуу. Же болбосо: «Чет элдик тыңчылар. Качкындар менен саткындардын чыныгы турмушу» сыяктуу роликтер буга мисал боло алат.
Сүрөт: teksomolika / Freepik
Украина: согуш менен эркиндиктин айкалышы кыйыныраак
Бул тизмеде Украинанын болушу одоно көрүнүшү мүмкүн, анткени өзү постсоветтик чөлкөмгө «чет элдик тыңчы» түшүнүгүн жайылткан өлкө менен согушуп жатат. Анан калса, путинчил Орусиянын толук карама каршысы деген образы бар.
Бирок, 2014-жылы Евромайдандан чочулаган президент Виктор Януковичтин партиялаштары экстремизм, коммерциялык эмес уюмдар жана «чет элдик тыңчы» жөнүндө мыйзам кабыл алышкан. Орусиядагыдай эле, бейөкмөт уюмдар өздөрү «чет элдик тыңчы» экенин бардык жерде айгинелеп, ар сайын финансылык отчёт тапшырып турушу керек болчу.
Янукович тактан кулагандан кийин бул мыйзамдар жокко чыгарылган. Ошентсе да, Евромайданда жеңип чыккан саясатчылар бардык тармакта эле демократиялуу эмес болчу, ал эми тогуз жылдан бери токтобогон согуш Украинаны көптөгөн жарандык эркиндиктеринен баш тартууга мажбурлаган. Мисалы, 2022-жылы мартта Украинада Коллоборанттар жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, агрессор менен кызматташканы үчүн 15 жыл абакка камоо жазасы күтөт. Бир карасаң туура эле, бирок БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты андагы түшүнүктөр так эмес, бүдөмүк жана субъективдүү экенин, айыбы жок адамдарга өлүмгө тете кесепети тийип калышы мүмкүндүгүн айтышкан.
2023-жылы 24-мартта аталган уюм Украина боюнча баяндамасында оккупацияланган аймактарда өз ыктыяры менен ишин улантып жаткан мугалимдер менен дарыгерлер «коллоборант» деп таанылып жатканына тынчсыздануусун билдирген. Ошондой эле докладда бир гана орусиялыктар эмес, украиналык аскерлер менен күч кызматкерлери жарандарды барымтага алып, өз билемдик менен кармап, формалдуу эрежелерди сактабай жатканы айтылат. БУУ тарабынан документтештирилген кыйноолор жана сексуалдык зомбулук окуялары кармалгандарды аларга таңууланган айыптын баарын мойнуна алууга аргасыз кылууда.
БУУнун Адам укуктарын коргоо боюнча жогорку комиссариаты Украинанын сөз эркиндигин чектеген, ЖМКда мамлекеттик тилден башка тилдерди, анын ичинде орус тилин колдонууга тыюуу салган «Медиа» жөнүндө мыйзамына да тынчсызданган. Анткен менен орус тили украиналыктарга колуна курал алып душманга каршы турууга тоскоол болгон жок жана коллоборациянын белгиси эмес.
ЛГБТ коомуна тиешелүү болгону деле украиналыктарга мекенин коргоого тоскоол болгон жок. Бул коомчулуктун жүздөгөн ачык, миңдеген ачыкка чыкпаган өкүлдөрү фронтто жүрөт, украиналыктардын жарымынан көбү гейлер менен бисексуалдар бардык адамдардай укуктарга ээ деп эсептешет. А бирок Европадагы эң гомофобдуу коомчулук дагы деле украиналыктар бойдон калууда. Парламент 2021-жылы «гомосексуалдуулукту пропагандалоого» тыюуу салууга аракет кылган, бир жыныстуулар арасында никеге турууну мыйзамдаштырууга да шашкан жок, гей-аскер кызматкерлеринин тууган-уругун коркуткан учурлар бар. 2023-жылы 17-июнда, бир нече украиналык компания тилектештик иретинде эн тамгасына күн желеси түшүрүлгөн желектерди жайгаштырган. Ошол замат «Оңчул сектордун» активисттери жети шаарда аларга каршы бойкот жарыялоо акциясын өткөргөн.
Жергиликтүү укук коргоочулар менен ЛГБТ коомунун өкүлдөрү согуштан кийин евроинтеграция процессинде мамлекет жана коомчулук толеранттуу болобу деп үмүттөнүшөт.
Сүрөт: frimufilms / Freepik
Молдова: плюрализмдин аралчасы
Орусиянын таасиринен улам, өзгөчө улуу муундагы шайлоочулар арасындагы маанайдан улам бийлик тынчсызданып келет, бирок Молдованын мыйзамдарында азырынча демократия сакталып турат. Бир эсептен, расмий Кишинёв буга чейин бир нече жолу орусиялык саясатчыларга, саясий технологдорго өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Экинчи жагынан, европачыл жаштар менен советтик маанайдагы пенсионерлердин ортосундагы ажырымга, Кишинёдун таанылбаган Приднестровье жана Гагауз автономиясы менен пикир келишпестигине карабай, Молдовада ондогон орусиялык жана гагауздук коммерциялык эмес уюмдар иштеп жатат.
Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү Молдованын мыйзамын эң либералдуу деп атаса болот. Мамлекеттик эмес уюмдарга саясатка аралашууга тыюу салынган эмес: тескерисинче, жарандык араздашуулардын алдын алууга багытталган ишмердүүлүк коомго пайдалуу деп эсептелет. Экономикалык, жарандык мүнөздөгү демилгелерди жайылтып же ишке ашырса болот. Саясий партиялардын же коомдук-саясий уюмдардын программасы, шайлоодогу атаандаштар жана алардын программасы тууралуу пикирин айтууга укуктуу. Уюм уставында жазылган максаттарын ишке ашыруу үчүн өлкө ичинен же чет мамлекеттен каржылык же материалдык каражат суроого, алууга жана сарптоого акылуу.
2022-жылы Кишинёвдо ЕС делегациясы европалык гранттарды ийгиликтүү ишке ашырган коммерциялык эмес уюмдарды сыйлоо гала-аземин өткөргөн. Үстүбүздөгү жылдын май айында Молдованын премьер-министри Эберт Фонду уюштурган конференцияга катышкан.
Молдованын орусчул саясатчылары деле ишмердүүүгүндө постсоветтик өлкөлөрдүн автократтары колдонгон ураандарды, ыкмаларды пайдаланышат. Мисалы, экс-президент Игорь Додондун Социалисттер партиясы парламентке «жашы жете электер арасында ЛГБТны пропагандалоо жөнүндө» мыйзам долбоорун грузин ыкмасынын жардамы менен киргизген: партиянын төрт депутаты бөлүнүп чыгып, өзүнчө консервативдик кыймыл түзгөндөй түр көрсөткөн. 18-июнда, Кишинёвдо гей-прайд өтүп, ал эми депутаттар «салттуу баалуулуктады» колдоо иретинде өзүнчө марш уюштурушкан. Маршты борбор калаанын мэри колдогон.
Бирок «Грузин кыялынан» айырмаланып Молдованын парламентинде социалисттер азчылыкты түзөт. Аз сандагы депутаттары бар дагы бир орусчул партия — «Шор» деп аталат. Качкын олигарх Илан Шордун атын алып жүрөт. 2023-жылы июнда Конституциялык соттун чечими менен «Шор» партиясына кылмыш дүйнөсү менен байланышканы үчүн тыюу салынды. Бирок «Шорду» эсепке алганда дагы, Молдова парламентинин депутаттарынын жарымынан көбү либералдык европачыл ПДС партиясына карайт. Ошондуктан мындай мыйзам долбоорлорунун шансы жок.
Автократтардын алдын доору
Бир караганга, «чет элдик тыңчылык» Кремлдин согушту сындагандарга жообу сыяктуу, кийин гана кошуна өлкөлөргө метастаз сымал жайылгандай сезилет. Бирок андай эмес.
Орусияда чет элдик тыңчы тууралуу мыйзам 2011-жылдагы «Саз нааразычылыктарына» бийликтин реакциясы болгон. Постсоветтик чөлкөмдүн башка авторитардык өлкөлөрүндө жарандык коом менен күрөш 2014-жылы башталган: Евромайдан жана Януковичтин тактан оодарылышы мурдагы совет өлкөлөрүнүн диктаторлорун сестентип койгон.
Дароо бири нече өлкөдө — Орусия, Грузия, Кыргызстанда — бийлик өкүлдөрү АКШдагы 1938-жылдагы FARA мыйзамына жана Израил, Австралиядагы окшош мыйзамдарга таянып жатышат. Чынында Израил менен Австралияда бул мыйзам «тоңдурулган», башкача айтканда иш жүзүндө колдонулбайт. АКШда аталган мыйзам чет элдик компаниялардын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөмөлөө менен күрөшүүгө багытталган жана Орусиядагыдай бийликке каршы чыккандарга карата колдонулбайт.
Дээрлик бардык өлкөлөрдө мындай мыйзамдын демилгечилери салтты бекем карманган жарандардын гомофобдук маанайына таасир этип жатышат. Чынында, маселе ЛГБТда эмес, эртең аткаминер тууралуу сатираны бөлүшкөнү үчүн жарандар өздөрү түрмөгө түшүп каларын ойлонгонго мүмкүндүк бербей жатышат.
Жарандык коомго каршы репрессиялар сөзсүз эле «орусиячыл» багытты кармангандыктан эмес. Азербайжандагы Илхам Алиевдин авторитардык режими Москвадан көз каранды эмес, көбүнчө Түркияга карап түздөнөт. Ошентсе да, Азербайжандагы укук коргоо тармагы — эң оор абалда.
Автократтар өздөрү чет элдик финансылык донорлорго көз каранды экенине карабай, коммерциялык эмес уюмдарга аңчылык кылганын токтотпой келет. Постсоветтик чөлкөмдөгү курч геосаясий атаандаштыктын шартында автократтар демөөрчүнү тандай алат. Ал эми Кытай менен Орусия экономикалык колдоонун ордуна демократиялаштырууну талап кылбаса, ондогон жылдар жарандардын оозун жаап салуу азгырыгы өзүнөн өзү пайда болот да.