Укук коргоочулар: Сот аялды психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткырган тергөөчүнү актады

«Справедливость» уюмунун укук коргоочулары сот 34-жаштагы аялды психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткырган деп айыпталган Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык ИИБдин тергөөчүсүн актаганын билдиришти.

Уюмдун маалыматына ылайык, актоо өкүмүн 16-июнда Майлуу-Суу шаардык соту чыгарган. Милиционер «Психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу» жана «Бийликтен аша чабуу» беренелери боюнча айыпталып жаткан.

«Шаардык сот эки берене боюнча тең актоо өкүмүн чыгарып, тагылган айыптар боюнча кылмыштын курамы жоктугун белгиледи. Аял тергөөчүнүн мыйзамсыз токтомунун айынан 26 күн бою психиатриялык ооруканада кармалганына карабастан ушундай болду», — деп билдирди «Справедливость» уюмунун адвокаты Равшан Абдуллаев.

34-жаштагы келин 2023-жылдын февралында Майлуу-Суу лампа заводунун жаңы жылдык балатысын өрттөгөнгө аракет кылып жатканда кармалган. Кийин ал шаардын башкы балатысын дагы өрттөгөнүн мойнуна алган. Ал укук коргоочулар менен сүйлөшкөндө төрт баласын жалгыз багып тарбияларын айтып берген.

«Анын балдары дагы [Жаңы жылга] белек сурашыптыр. Аял акчасы жок болгондуктан төртөөнө тең белек алып бере албаптыр. Балдарына бул мусулмандардын майрамы эмес, исламда бул күнү белек беришпейт деп айткан экен. Ачууга алдырып ошол кадамга барган экен», — деп билдиришкен анда укук коргоочулар.

Аял камакка Майлуу-Суу шаардык ИИБдин тергөөчүсүнүн токтому менен прокурордун уруксаты жок киргизилген. Укук коргоочулар мыйзам боюнча андай токтомду тергөөчү судья гана чыгара алат деп нааразы болушкан.

Уюмдагылар психолого-психиатриялык экспертиза өткөрүү үчүн адамды мажбурлап жаткыруу жана психиатриялык стационарда болуунун өзү камакта кармоого тете экенин белгилешкен. Ошол эле учурда экспертиза аялдын эч кандай психологиялык дарты жоктугун аныктаган.

Укук коргоочулар аялдын Майлуу-Суу шаардык ИИБдин улук тергөөчүсү тарабынан прокурордун визасы жок психиатриялык стационарга жайгаштырылышын одоно мыйзам бузуу экенин айтышкан.

Юристтер Майлуу-Суу шаардык сотунун чечими боюнча аппеляциялык арыз камдап жатканын билдиришти.