Майлуу-Суунун тургуну психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жайгаштырылды — укук коргоочулар

Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун кызматкерлери Майлуу-Суунун 34 жаштагы тургуну сот чечими жок, мыйзамсыз түрдө Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага жаткырылганын билдиришти.

Юристтердин айтымында, мажбурлап ооруканага жаткыруу жана психиатриялык стационарда кармоо камакта кармоого тете.

«Демек, келинди Майлуу-Суу ИИБнин тергөөчүсүнүн токтому менен визасыз эле камап коюшкан болуп жатат. Мыйзам боюнча андай токтомду тергөөчү судья гана чыгара алат. Бул ИИБдин тергөөчү органдарынын одоно мыйзам бузуусу», — деп билдирди «Справедливость» уюмунун юристи Уткир Жаббаров.

Көрсө аталган келин Майлуу-Суу лампа заводунун балатысын өрттөөгө аракет кылып жаткан учурунда кармалган экен. Кийин ал шаардын башкы балатысын дагы өрттөгөнүн мойнуна алган. Ал укук коргоочулар менен сүйлөшкөндө төрт баласын жалгыз багып тарбияларын айтып берген.

«Анын балдары дагы [Жаңы жылга] белек сурашыптыр. Аял акчасы жок болгондуктан төртөөнө тең белек алып бере албаптыр. Балдарына бул мусулмандардын майрамы эмес, исламда бул күнү белек беришпейт деп айткан экен. Ачууга алдырып ошол кадамга барган экен», — деп билдиришти укук коргоочулар.

Өрт коюу иши «Бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү, же жок кылуу» беренеси боюнча катталган. Андан кийин 20-январда аялды Ош облустук психиатрия жана наркология борборуна алып кетишкен, бирок ал жактан адамдын акыл эси жайында/жайында эместигин аныктоого мүмкүн болгон эмес.

Ал жактан келгенден кийин Майлуу-Суу ИИБнин тергөөчүсү келинди Кызыл-Жар айылынын психиатриялык ооруканасына жаткырууну чечкен. Ал эми төрт баласы Жалал-Абаддын «Ак-Жол» реабилитациялык борборуна жөнөтүлгөн.

Укук коргоочулар буга тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн чечимди даттанмакчы.