Жаңы президенттик лицейди каржылоого жылына дээрлик 50 млн сом бөлүнөт

Бийлик Чолпон-Атада ачыла турган «Акылман» президенттик лицейин каржылоо үчүн жылына 48,9 млн сом бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоору 27-июнда коомдук талкууга чыгарылды.

Документте бул сумма тамак-ашка, материалдык-техникалык базаны каржылоого, мугалимдер менен башка кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жана балдарды каржылоого, ошондой эле социалдык фондду төлөөгө жумшалары айтылат.

Мыйзам долбооруна ылайык, аталган лицейде окуу акысыз болот, ал эми мугалимдерге жогорку айлык акы төлөнөрү айтылат. Ал эми лицейдин мугалимдеринин маянасына кошумча төлөмдөр мыйзамда көрсөтүлгөн суммадан эки эсе жогору болору убадаланды.

Жалпы 480 балага орун каралып, ар бир класста 24 окуучу болору белгиленди.

Лицейдин түзүлөрү пландалып жатканы тууралуу президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгондон кийин белгилүү болгон. Лицей «өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү» үчүн керектиги белгиленген.

Лицейге 6-классты бүткөн окуучулар кабыл алынат. Тандап алуу эки баскычтан турат:

  • I этап — тестирлөөгө катышуу үчүн жиберилген документтерди кароо;
  • II этап — тестирлөөнүн жыйынтыктарынын негизиндеги рейтинг боюнча квотага ылайык тандап алуу.

Окуучулар өз кызыгууларына жана өзгөчөлүктөрүнө жараша сабактарды жана алардын окутулуу деңгээлин өздөрү тандай алышат.
«Акылман» лицейи Билим берүү министрлигине караштуу болот.

Автору: Медина Шамшидинова.