«Акылман» президенттик лицейи түзүлдү

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Акылман» президенттик лицейин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 15-июнда өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкта лицей «өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү» үчүн керектиги белгиленет.

Лицейге Министрлер кабинети аныктаган тартипте жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарын аяктагандар кабыл алынат. Окуучулар өздөрүнүн кызыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен айрым предметтерди жана аларды окуутунун деңгээлдерин өз алдынча тандай алышат.

«Акылман» түздөн-түз Билим берүү министрлигине баш иет, ал эми лицейдин мугалимдерине жогорку маяна төлөнөт.

Буга чейин билим берүү министри Каныбек Иманалиев жакынкы жылдары президентке караштуу гимназия салынарын, ал жерде аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү таланттуу балдар окуй турганын айткан. Гимназия 220 окуучуга ылайыкталып салынары белгиленген.