ИИМ: Акыркы алты айда 60тан ашуун өспүрүм сууга чөгүп каза тапты

Кыргызстанда 2023-жылдын алгачкы 6 айында 60тан ашуун өспүрүм сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу 5-июлда ИИМден билдиришти.

Мындан улам ИИМдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы  суу объктилериндеги коопсуздукту сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Аны менен катар өлкө боюнча жайкы эс алуу жайларында жана көлмөлөрдүн, дарыялардын жээктеринде текшерүүлөр жүрүүдө.

«Милиция кызматкерлери эс алуучуларга атайын бөлүнгөн жайларда гана сууга түшүүгө , ал эми ата-энелерге балдарды кароосуз калтырууга жол берилбестигин жана балдарга чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүгө болорун эскертишти», — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМдин расмий маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 85 адам сууга чөгүп каза тапкан. Кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Көз жумгандардын 28и 12 жашка чейинки балдар болгон.

Автору: Калыбек Мусакеев

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Төрт-Гүлдө чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды, дагы бири изделүүдө