Жогорку Кеңешти каржылоо үчүн жарым жылда 500 млн сомдон ашык каражат сарпталды

Жогорку Кеңешти 2023-жылдын 1-январынан 30-июнга чейин каржылоо үчүн 571 млн 752 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин отчётунда белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын, алардын жардамчыларынын жана башка кызматкерлердин айлык акысы үчүн аталган суммадан 398 млн 526 миң сом жумшалган. Автоунаа жана башка жабдыктар үчүн 21 млн 339 миң сом, иш сапарлар үчүн дагы 15 млн 540 миң сом бөлүнгөн.

2022-жылдын октябрында Жогорку Кеңештин депутаттары эс алуудан кайтып келгенден кийин өздөрүнүн айлык акысын, байланыш оператору, күйүүчү май жана концелярдык буюмдар үчүн төлөнүүчү депутаттык фондду көтөрүү чечимин кабыл алышкан.

Депутаттар айлык акылары канчалык жогорулаганын ачыкташкан эмес. Бирок депутаттык фонд 40 миң сомдон 80 миң сомго жогорулаганы белгилүү болгон.