Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы.

Жогорку Кеңештин депутаттары 7-сентябрдагы биринчи пленардык жыйында өздөрүнүн айлыгын жана депутаттык фонддун көлөмүн жогорулатуу маселесин талкуулашкан.

Жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттардын айлыгы канча сомго көбөйгөнү айтылган эмес. Айрым эл өкүлдөрү эмгек акысы жогорулаганы туралуу маалыматы жок экенин айтып, айлык алган соң маалымат берүүнү убадалашкан.

Андан бери дээрлик бир ай өттү. «Клооптун» журналисти депуттар менен байланышып, эмгек акысы канча сомго көтөрүлгөнүн жана колуна канча акча алганын сурады.

«Жашыра турчу эч нерсе жок»

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев айлыгы канчага көтөрүлгөнү тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Ал айлыгын «Баткен элине жардам болсун» деп которуп жибергенин айтты.

«Мен ал жыйынга катышкан эмесмин. Жабык эшик артында өтүп, ошол боюнча жабык боюнча калды. Азыр айлык ала элекпиз. Сентябрь айынын айылыгы кетти, октябрдыкы ноябрдын башында берилет. Ошондо так айта алабыз. Күтө турсаңар бардыгы ачыкка чыгат. Жашыра турчу эч нерсе жок», — деп белгиледи ал.

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстандан» депутат болгон Алишер Козуев мурда 35 миң сом айлык алып жүргөнүн белгилеп, сентябрь үчүн 60 миң сомдун тегерегинде айлык түшкөнүн айтты. Анын эмгек акысына дээрлик 25 миң сом кошулган.

«Депататтык фонд эки эсеге көтөрүлгөн, мурда 40 миң болсо, азыр 80 миң сом. Ал эми айлык боюнча, кимге канча сом кошулганы жөнүндө так маалыматым жок. Ал дагы иш тажрыйбасына, чинине карата ар кандай кошулду деп угуп жатам», — деди ал.

Депутат Тазабек Икрамов дагы «айлыгын карай элек экенин» айтып, «эл катары 20-30%дай кошулду го» деп белгиледи. Ал эми айлык маянасын «жеке маселем» деп айтуудан баш тартты.

«Айлык президенттин жарлыгына ылайык, ар кимдики ар кандай. Алып барган ишине, иш тажрыйбасына жараша, мамлекеттик кызматтагылардыкы кандай чыккан болсо, ошого карата көтөрүлдү. Бардыгыныкы бирдей эмес. [...] Айлыгым канча экенин айтпайм да, ал менин жеке айлыгым, жеке өзүмдүн жумуш маселем. Жеке маселеме киришип жатпайсыңарбы», — деди ал.

Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов айлык көтөрүлгөнүн тастыктап, бирок канча сом кошулганын «азырынча билбейм» деген жооп узатты.

«Мен айлык ала элекмин, карточкамды көрөйүнчү. Айлык көтөрүлгөн. Буга чейинки иштеген иштерибиз бар, ошого жараша кошулат дешкен. Мурда айлык 25 миң сом болчу, ошондой болгондо бардыгыңар сүйүндүңөр эле го», — деди ал.

Депутат Камила Талиева «финансылык жакты түшүнө бербейм» деп айлыгы тууралуу маалымат берген жок.

Биз байланышкан депутаттардын көпчүлүгү депутаттык фонд эки эсеге көтөрүлгөнүн белгилешти. Алардын айтымында, мурда фонд үчүн 40 миң сом бөлүнсө, азыр 80 миң сом бөлүндү.

Депутаттык фонд депутаттарга айлыгынан тышкары берилип, алар уюлдук байланыш, күйүүчү май, канцелярдык товарлар, азык-түлүк жана башка чыгымдар үчүн колдонушат.

«Өздөрүнө өздөрү бий»

Финансы министрлигинен «Клоопко» билдиришкендей, депутаттар айлык маяналарын өздөрү аныкташат.

«2011-жылдын 15-июнундагы №45 мыйзамдын 3-беренесине ылайык, депутаттар жана мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленет», — деп маалымдашты министрликтен.

Бул ирет Жогорку Кеңеш 2022-жылдын 7-сентябрында «ЖК депутаттарынын жана ЖК Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөөнүн шарттары жөнүндөгү» токтомду кабыл алды. Бул токтомду депутаттар «кызматтык пайдалануу үчүн» деген белги коюу менен карашты.

Депутаттардын айлык маяна маселеси

Депутаттардын айлык маянасы жана аларга каралган жеңилдиктер он жылдан ашык убакыттан бери талаштуу маселе болуп келет. Эл өкүлдөрү канча айлык алып келгени көп жылдан бери белгисиз болуп келген. Анткени, бул «кызматтык маалымат» болгондуктан, укук коргоочулар сот аркылуу дагы ачыктай алышкан эмес.

Ал эми депутаттарды жана Жогорку Кеңештин аппаратын камсыздоого кеткен чыгымдар жыл сайын өсүп барат — 2010-жылдан 2020-жылга чейинки он жыл аралыгында чыгымдар 6,8 миллиард сомду түзгөн.

Өткөн жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгашасын оптималдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык депутаттардын кызматтык оклады төмөндөтүлгөнү кабарланган.

Жогорку Кеңештин төрагасынын айлыгы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом деп белгиленсе, фракция лидерлери жана комитет төрагаларыныкы 26 миң сом, депутаттардыкы 25 миң сом деп бекитилген.

Аны менен катар, жарлыкта депутаттар үчүн компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алынып салынганы белгиленген.

Бирок депутаттар, бери дегенде эле, 2018-жылдан бери ошондой айлык алышат. Ошол жылдары Kaktus media басылмасы депутаттардын айлыгы 25,5 миң сом, фракция лидериники 26,5 миң сом экенин жазган. Ал эми төраганын айлыгы 30 миң сом, анын орун басарларыныкы 27 миң сом болчу.

Башкача айтканда, Жапаров катардагы депутаттар менен фракция лидерлеринин айлыгын 500 сомго азайтса, төрага менен анын орун басарларынын айлыгы өзгөрүүсүз калган.

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова президенттин жарлыгын «популизм» деп атаган. Анын айтымында, депутаттар 2015-жылы эле кызматтык унаалардан жана кеңешчилерден баш тарткан.