Баткен: Кароосуз калган имараттан 42 жаштагы тургундун сөөгү табылды, шектүү кармалды

Шектүү. Сүрөт: Баткен ОИИБи

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кароосуз калган имараттан 42 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Кылмышка шектелип 49 жаштагы киши кармалганын 7-июлда Баткен ОИИБи билдирди

Маалыматка караганда, 5-июлдун кечинде шаардын Таштемир-Ажы базарына жакын жайгашкан кароосуз калган имараттан Ноокат районунун 42 жаштагы тургунунун сөөгү табылганы тууралуу милицияга арыз түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу жерине барып маркумдун денесинде жарааттар бар экенин аныктаган. 

Бул факт боюнча соттук-медэкспертиза дайындалып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ал эми кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун 49 жаштагы тургуну кармалды. Ал буга чейин соттолгону аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө уланып жатат.

Автору: Калыбек Мусакеев

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Тажик жараны Лейлектин тургунун «күч колдонуп өлтүрүүгө» шектелип кармалды

Баткен: Дайынсыз жоголгон тургундун сөөгү ажатканадан табылды