Баткен: Тажик жараны Лейлектин тургунун «күч колдонуп өлтүрүүгө» шектелип кармалды

Шектүү

Баткен облусунда Лейлек районунун 58 жаштагы тургунун «күч колдонуп өлтүрүүгө» шектелип Тажикстандын Исфара районунун 53 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу 9-февралда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-январында маркумдун уулу атасы чайхана иштетип жүргөн жеринен дайынсыз болуп жатканын айтып милицияга кайрылган.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында эртеси күнү маркумдун сөөгү өзү иштеткен чайхананын көмүр сактоочу жайынан табылган. Милициянын маалыматына ылайык, ал таштандылардын арасында кийимдери чечилген абалда жаткан. Кийин маркум «күч менен өлтүрүлгөнү» аныкталган.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Баткен районунун Самаркандек айылында качып жүргөн жеринен Тажикстандын жараны кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү буга чейин Өзбекстанда оор кылмыш жасап соттолгону, ал Кыргызстанга чек араны мыйзамсыз бузуп киргени аныкталган.

Учурда тергөө уланып жатат, шектүү эки айга камакка алынды.

Редактору: Айбике Адилет кызы