Бир кадр менен: Бишкекте кондиционери бар аялдама пайда болду

Бишкек мэриясы Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги коомдук транспорттун аялдамасын реконструкциялоо уланып жатканын билдирди. Ал калаанын Биринчи май райондук акимчилиги менен «Бакай банктын» ортосунда түзүлгөн келишим боюнча ишке ашырылып жатат.

Муниципалитеттен «Клоопко» билдиришкендей, учурда аялдама павильонунун модулдарынын бири курулуп, кондиционери орнотулган. Андан башка дагы бир модулун куруу пландалууда.


Бишкектеги кондиционери бар аялдама. Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Долбоорго ылайык, аялдама жайкысын ичинде салкындатуучу жана кышкысын жылытуучу системасы бар жабык павильон болот. Ошондой эле аялдамага Wi-Fi, майыптыгы бар адамдар үчүн пандус, жарнамалык лайт-бокс жана карта-схема, интерактивдүү сенсордук LCD монитор орнотулат.

Мындан тышкары, райондук акимчилиги аялдамага «Коопсуз шаар» системасын орнотуп, бир нече метр радиуста болуп жаткан кыймылды камтыган панорамалык жана түнкү тартуу мүмкүнчүлүгү бар видеокөзөмөл камераларын коюу пландалууда.