Кыргызстандык спортчулар Вьетнамда өткөн спорттук бий боюнча турнирде биринчи орунду ээледи

Кыргызстандык спортчулар Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова спорттук бий боюнча эл аралык «WDSF Open taken place in Hanoi — Vietnam-2023» турниринде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу 10-июлда өлкөнүн Спорттук бий федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар жаштар арасындагы латын бийи боюнча мелдешке катышкан жалпы 19 жуптун ичинен 1-орунду ээледи. Федерациянын жетекчиси Сергей Тутинин спортчуларга ыраазычылык билдирди.

Эл аралык турнир 7-8-9-июль күндөрү Вьетнамдын Ханой шаарында Бүткүл дүйнөлүк спорттук бий федерациясынын колдоосу менен өттү. Ага Вьетнам, Корея, Филиппин, Казакстан, Гонконг, Макао жана башка Азия өлкөлөрүнүн спортчулары катышты.

Бий 20-кылымдын башында чыныгы спортко айланган. Танго боюнча биринчи эл аралык турнир 1907-жылы Франциянын Ницца шаарында өткөн. Көп өтпөй Парижде, Берлинде жана Лондондо бал бийи боюнча чемпионаттар өткөрүлгөн. Ал эми бий боюнча алгачкы дүйнөлүк чемпионат 1936-жылы Германиянын Бад-Наухайм шаарында уюштурулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кубаныч Шамакеев балет артисттеринин эл аралык сынагында үчүнчү орунду багынтты

«Алар бизге төлөбөйт». Кыргыз балетинин артисттери чет элдик бийчилер менен бийлөөдөн баш тартты