Кубаныч Шамакеев балет артисттеринин эл аралык сынагында үчүнчү орунду багынтты

Сүрөт: Челябинск опера жана балет театры.

Кыргызстандык Кубаныч Шамакеев балет артисттеринин XIV Эл аралык сынагында «Эркектер, дуэт» категориясында үчүнчү орунду багындырды. Сыйлык тапшыруу аземи 11-июнда Москвада Орусиянын Чоң театрынын Бетховен залында өттү.

Ушул эле категорияда биринчи орунду бразилиялык бийчи Де Карвалхо Вагнер, ал эми экинчи орунду — орусиялык Дангыт Субедей багындырса, үчүнчү орунду мекендешибиз Кыбаныч Шамакеев менен орусиялык артист Никита Корнеев камсыз кылышты.

Быйыл сынакка дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн, алардын ичинен Кыргызстан, Австрия, Аргентина, Беларус, Бразилия, Улуу Британия жана Германиядан 343 өтүнмө келип түшкөн. Жыйынтыгында сынакка 112 бийчи катышкан.

Балет артисттеринин Москва Эл аралык сынагы 1969-жылы негизделген, төрт жылда бир жолу өткөрүлүп келет.

Кубаныч Шамакеев 2016-жылы Алматынын хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Аталган окуу жайды аяктаган соң соң эки жыл Екатеринбургдун мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында иштеген. 2019-жылы М.И. Глинки атындагы ЧМАОБТнын труппасына кабыл алынган. Ал Орусиянын «Арабеск-2020» сынагынын бир канча сыйлыктарын алган. Ал эми 2021-жылы Юрий Григоровичтин «Дүйнөнүн жаш балетчиси» сынагында биринчи сыйлыкты жана алтын медалды тагынды.