Акылбек Жапаров 29-июнда Креативдүү индустриялар паркынын ачылышында. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Кыргызстандын бийлиги 29-июнда Креативдүү индустриялар паркынын (КИП) салтанаттуу ачылышын өткөргөн. Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан «кедей өлкө синдромунан арылганын», эми «экономикалык өнүгүүнүн жаркын жана келечектүү этабы башталганын» билдирген.

Парктын негизги мааниси — креативдүү индустриянын өнүгүүсүнө түрткү бере турган алда канча ыңгайлуу салык режими. Бирок азырынча андай режимди пайдаланууга болбойт. Себебин түшүндүрүп беребиз.

Кыскача

Креативдүү индустриялар паркына (КИП) катталган ишкерлер салыкты төмөндөтүлгөн чен менен төлөсө болот. Ал эми ага акыл эмгегинен жаралган товар же кызматты саткан ишкерлер жана ишканалар мүчө боло алат.

КИП расмий ишке киргени менен, анын дирекциясы дагы деле иштелип чыга элек. Ал эми Парктын байкоочу кеңеши чогулмайын иш баштоого мүмкүн эмес. Кеңешке ишкерлерден тышкары, мамлекет тарабынан дайындалган эки адам кириши керек — мамлекет болсо алар кимдер болорун дагы деле чече элек. КИПке тигил же бул ишкерди каттоону дал ушул дирекция жана байкоочу кеңеш чечет.

Андан тышкары, мамлекет ишкердиктин «креативдүү» тармактарынын тизмесин тактап бүтө элек. Мыйзамда креативдүү экономиканын жалпыланган 20 тармагынан турган тизме жазылган.

Ал эми Креативдүү индустриялар ассоциациясы Парк күзүндө толук кандуу ишке кирет деп үмүттөнүп жатат. Ошондо гана ишкерлер Парктын резиденти боло алат.

Кененирээк

КИП жөнүндөгү мыйзамга президент Жапаров өткөн жылдын августунда эле кол койгон. Документтин максаты — креативдүү эмгек менен алектенген ишкерлерге «ишмердүүлүк жүргүзүүнүн өзгөчө режиминин түзүү». Башкача айтканда, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн негизинде өндүрүлгөн товар же кызмат көрсөтүү саткандар.

Үстүбүздөгү жылдын март айында эле парламент салык кодексине кирген түзөтүүлөрдү кабыл алган. Түзөтүү «ишмердүүлүк жүгүзүүнүн өзгөчө режиминин» мазмунун ачыкка чыгарган. Анда КИПтин резиденттери үчүн 2023-2024-жылга карата бирдиктүү салык чени болгону 0,5%д деп каралган. Бирок 2027-жылга чейин акырындык менен 2%га жогорулайт. Ошентсе да, бул мисалы, көпчүлүк жеке ишкерлер үчүн коюлган ченден эки эсе төмөн.

2023-жылы эки жолу Парктын ачылышы болду — 12-апрелде аткаминерлер, бизнесмендер жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери салтанаттуу түрдө кызыл тасма кесишкен. Июндун аягында болсо минкабдын башчысы Акылбек Жапаров салтанаттуу иш-чарада Креативдүү индустриялар паркын ачык деп жарыялаган.

«Мамлекетибиз бир жылдын ичинде креативдүү индустриялар паркынын өкүлдөрү менен Кыргызстанда креативдүү секирик жасады», — деген ал, бийлик бул үчүн чоң жолду басып өткөнүн — КИП жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып, салык кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизгенин кошумчалап.

Бул креативдүү тармактын ишкерлери салыштырмалуу ыңгайлуу салык режимин пайдаланат дегенди түшүндүрөбү? Тилекке каршы, андай эмес.

«Салык режими бар, мыйзамга кол коюлду, күчүнө кирди. Бирок резиденттердин ишин жөнгө салып, аларды Креативдүү индустриялар паркына катталган деген документ менен салык органдарына багыттай турган атайын орган жок», — деп түшүндүрдү «Клоопко» Креативдүү индустриялар ассоциациясынын (КИА) башчысы Назгүл Кубакаева.

Кубакеева учурда КИПтин резиденттери үчүн коюлган салык ченин пайдаланам деген ишкерлер айыпка жыгылышы мүмкүн экенин кошумчалады. Ал компаниялардын биринин эсепчиси менен болгон маегин мисал келтирди. Бухгалтер салык кызматына барганда андан КИПке резидент болуу үчүн деп кандайдыр бир «бланк» кабыл алышканын, эми фирма жаңы салык режимин пайдалана турганын айтып берген.

«Мен азырынча канча бир убакыт [салыштырмалуу пайдалуу] салык режимин пайдаланасыңар, бирок кийин бул режимди мөөнөтүнөн мурда пайдалана баштаганыңар үчүн айып төлөп калышыңар мүмкүн деп түшүндүрдүм», — деп айтып берди КИАнын башчысы.

Кубакаева каалоочулардын баары эле КИПке мүчө боло албасын белгиледи — ишкерлердин катышуусу боюнча чечимди дирекция менен Парктын байкоочу кеңеши кабыл алат. Бул «креативдүү эмес» тармактын өкүлдөрү салык жеңилдиктерине ээ болбошу үчүн керек. Мисалы, креативдүү агенттик катары катталган курулуш компаниясы [болушу мүмкүн].

Иш жүзүндө КИПти ишке киргизүүгө тоскоол болуп жаткан себептердин бири — дирекциянын алигиче түзүлбөй жатканы. Ал эми парктын байкоочу кеңеши толук чогулмайын дирекция түзүү мүмкүн эмес. Байкоочу кеңештин курамы мамлекет сунуштаган эки, жеке сектордун беш өкүлүнөн турушу керек.

«Учурда минкаб Байкоочу кеңешке мүчө боло турган эки талапкерлерди аныкташын күтүп жатабыз — бул биринчиси. Экинчиси — [КИПке резиденттик үчүн] ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеси бекитилиши керек», — деди Кубакаева.

Креативдүү индустриялар паркы жөнүндөгү мыйзамда креативдүү экономиканын 20 тармагын санап өтүшкөн, бирок мамлекеттик классификатор боюнча конкреттүү ишмердүүлүктөрдүн тизмеси азырынча даяр эмес. Ал эми КИАдан тизмеге 100дөй ишмердүүлүк кириши мүмкүн экенин айтышууда.

Анткен менен, Кубакаеванын айтымында, минкаб кол куушуруп карап отурган жок — 29-июндагы КИПтин салтанаттуу ачылышы маанилүү эки токтомго кол коюлгандан кийин болду. [Ал маанилүү документтердин] бири — КИПтин дирекциясын жана анын байкоочу кеңешинин курамын түзүү жөнүндө. Экинчиси — Парктын резиденттерин каттоонун тартиби тууралуу: алар дирекцияга арыз калтырышат, ал эми дирекция — алар тууралуу маалымат пакетин байкоочу кеңешке жиберет. Байкоочу кеңеш жаңы резидентти каттоо же каттоодон баш тартууну өзүнүн жыйындарында чечет.

«Кыймыл бар, Министрлер кабинети бул багытта иштеп жатат, ченемдик-укуктук актылар даяр», — деди КИАнын башчысы.

Кубакаева Ассоциация КИП күзүндө толук кандуу ишке кирет деп үмүттөнүп жатканын кошумчалады.

«Жай ичи дирекцияны каттап, алгачкы резиденттерди кабыл алууну баштайбыз деген үмүттөбүз. Күзүндө парк сөзсүз ишке кириши керек. Баары жакшы болуп, ишти баштайбыз деген ойдобуз», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Креативдүү индустриялар паркына жеке ишкерлер, жоопкерчилиги чектелген коомдор, ал тургай чет өлкөнүн жарандары да каттала алат. Катталуу үчүн арызды электрондук платформада толтуруу керек болот. Талапкерди каттоонун негизги талабы — ал кирешесинин 90%дан ашыгын креативдүү ишмердиктен табышы керек.

Жогорку технологиялар паркынан айырмаланып, КИПтин мүчөлөрүнөн товар жана кызматтарынын көпчүлүк бөлүгүн экспорттоо талап кылынбайт.

Учурда КИА парктын резиденти болууну каалагандардын билдирүүлөрүн чогултууда. Бирок ассоциациядан билдирүүнү толтуруу КИПке катталууга кепилдик бербейт деп түшүндүрүштү — каалоочуларга каттоо башталганы тууралуу кабар гана берилет.