Хланта Бишкектеги кафелердин биринде бейтаптарды кабыл алып жатат. Сүрөт: Сергей Наумов «Клооп» үчүн

Николай Хланта өзүнүн көптөгөн мекендештери сыяктуу эле 2022-жылдын сентябрында эски турмушун — келечекте көптү үмүттөндүргөн карьерасын жана Блохин атындагы онкология борборундагы аспирантурадагы окуусун Москвага калтырып Кыргызстанга келе берген.

Бирок жаңы жерде өз кесиби менен ишке орношууга мүмкүн болгон эмес. Мындан улам кесиптештери менен бирге Doc For Everyone интернет-коомун түптөшкөн. Анда бейтаптар квалификациясы жогору дарыгерлерден акысыз онлайн консультация ала алышат.

«Ар бир адамдын дени сак болууга акысы бар. Айрым мамлекеттер адамдын мындай зарыл муктаждыгын канааттандырат, ал эми калган өлкөлөрдүн жарандары үчүн биздин аталышы эле маанисин айтып турган бирикмебиз бар», — дейт, идеясы акыры жемишин берерине ишенген Николай. — Суроо-талап сунушту пайда кылат, ал эми акысыз медициналык жардам баарына керек.

Анткен менен Николай, ушул тапта абалы кыйын экенин мойнуна алат — «каржылык жактан туруксуз абалда турганда» кесиптештерине акысыз иштөө эмне алып келерин түшүндүрүү оңой эмес.

Ага карабастан Doc for everyone (Ар бир адам үчүн дарыгер) биримдиги акырындап кеңейип келе жатат. Азыр анда 30дан ашык дарыгер бар: хирургдар, неврологдор, эндокринологдор, венерологдор… Керек болсо, нейрохирург дагы бар.

Азыркы тапта бирикменин телеграм-тайпасында күн сайын дарыгерлерден суроолоруна жооп алган 1400дөн ашык колдонуучу бар.

«Орусиядан көчүп кетүүгө аргасыз болгон, ошондой эле ал жакта ишин улантып жаткан дарыгерлер медицинаны жеткиликтүү кылуу үчүн биригишкен» , — деп Николай коомчулугун түзүү тарыхын кыскача баяндап жатып айтты. Ал дарыгерлер, эгер бейтапты дарылоодо көз караштары дал келбесе, анда маал-маалы менен консилиум да уюштуруп турушат деп билдирди.

«Мени бой көтөрөсүң дешти»

«[Кыргызстанга келгенден кийин] бул канчалык көбүртүп айткандай угулбасын, мен дайыма ишим жана өзүмдүн кесиптик милдеттерим жөнүндө көбүрөк ойлондум», — дейт Николай.

Ал — онкология жана нур терапиясы боюнча адис, орусиялык жана эл аралык онкологдор коомчулугунун мүчөсү, эл аралык илимий макалалардын автору. Бирок дарыгер Кыргызстанда өз кесиби менен жумушка орношо алган жок. Онкология дарты менен ооруган бейтаптарды даарылоо лицензиясы айрым гана клиникаларда бар. Болгондорунда өз кишилери иштейт.

Хланта керек болсо мамлекеттик мекемелердин бирине жумушка орношууга аракет кылып көргөн — бирок ал жактан аны эч ким күтпөй турганын көз караш менен эле түшүндүрүшкөн.

«Мындан тышкары, бейтаптардын биринин акыбалы тууралуу жогорку жактагы адис менен сүйлөшүп калдым — кесиптеш катары дарылоо ыкмасы жөнүндө талкуу кылууга аракет кылсам, жумшагыраак айтканда ортодо түшүнбөстүк болуп кетти. Оппоненттин реакциясына караганда мени бой көтөрдү деп кабыл алгансыйт — жаш жигит келип алып профессорлорго акыл үйрөтөт дегенсиди окшойт, — дейт онколог. — Мен үчүн аргументтеримди кандай кабыл алышканы эмес, бейтаптын айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болгону өкүнүчтүү болду». Жогоруда сөз болуп жаткан аял бир канча аптадан кийин көз жумду.

Дарыгерди оорулардын жана өлүмдүн Кыргызстандагы статистикасы Орусияныкынан канчалык айырмалана турганы таң калтырган.

«Мисалы, Орусияда диагноз коюлгандан кийинки биринчи жылда өлүм —20%га жакын, ал эми Кыргызстанда — 55%. Орусияда бардык оорулардан киийн беш жылдык жашап кетүү көрсөткүчү 57%, Кыргызстанда — 36%. Мындай чоң айырма, сандардын так эместигин же залалдуу шишик оорусун аныктоодо же дарылоодо чоң көйгөй бар экенин айтып турат», — деп нааразы болду Хланта.

Ал Кыргызстандагы онкологдордун берген көрсөтмөлөрү дүйнөдө кабыл алынган стандарттардан 10-20 жылга артта калып жатат деп эсептейт: «Керек болсо, мен окуган Блохин атындагы Улуттук онкологиялык изилдөө борборунун мектеби да батыштыкынан артта калган. Мага онколог катары заман талабына ылайык болуу үчүн көп аракет жасоого— адистештирилген басылмалардын макалаларын акмалап турууга туура келет».

Сүрөт: Сергей Наумов «Клооп» үчүн

Бишкектеги одиссея

Баары эмиграциядан башталган — бирок Николай Орусиядан чыгып кетүүсүнө 2022-жылдын сентябрь айында Владимир Путин жарыяланган «жарым-жартылай» мобилизация деле себеп болбогонун айтат. Дарыгер өзү Украинанын Запорожск облусунда төрөлгөн жана үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп келгенден кийин дагы туулган аймакка бир нече жолу барып келген. «Тайларымдын баары Закарпатье тараптан болушат, бирок ондогон жылдардан бери Орусияда жашайт», — деп айтып берди Николай.

Ал Орусиянын Украинага бастырып киргени чиркөө кызматкери болгон чоң атасы менен чиркөө хорунун регенти апасы үйрөткөн баалуулуктардын баарына каршы келерин айтат.

«Башка адамдын кызыкчылыгы үчүн адам өмүрүн алуу же ажыратуу оңой болсо, бейтапка бир нече ай өмүр бере турган изилдөөгө чоң акча коротуунун мааниси барбы?» — деп суроо салды дарыгер.

Москвада аспирантурада окуп жатканы менен акыры саясий ишеним үстөмдүк кылган. Николай достору жана агасы Марк менен Кыргызстанга унаада жолго чыгышкан. «Бишкекте таанышы тосуп алып, анын үйүнө кирип чайканып чыгышкан. Андан кийин одиссея башталды», — деп эстейт онколог.

Алардын эң биринчи баш калкалоочу жайы биринчи кабатта мончосу бар конок үйү болгон. «Көрүнүшүнө караганда сойкуканага окшоп кетет, бирок ал жак жайлуу болчу», — деп айтып берди Николай. Кийин достор батирди ижарага алууну чечишет, бирок ал дагы оңунан чыккан эмес: батирдин ижара акысы 1000 доллар болгонуна карабастан, ичи суук, эмеректен шкаф менен эле керебет бар болчу.

«Үйдүн ээси акырындык менен керебет, матрац, иш столун, кир жуучу машина алып берди. Бирок биринчи күнү эле бир кир жуугуч машина күйүп кетти, ал эми экинчисинен суу агып калды. Жылуулукту күйгүзөлү десек, ар бир батареядан суу ага баштады», — деп айтып берди орусиялык жаран. Бирок жашап жатканыбыз үчүн күрөөгө деп берген акчабыздын 50%ын — 500 долларды берүүдөн баш тартканга чейин кожоюн менен араздашкан жокпуз. Болбосо биз түзүлгөн келишимдин алкагында гана иш алып барганбыз».

Акыры достору адвокатка кайрылып, милицияга арыз жазышкан — бирок майнап чыккан эмес. Үйүн ижарага берген адамдын жеке маалыматтары турса деле укук коргоо органдары чара көрбөй, күрөөгө деп берилген акча кайтарылган эмес.

Ошондон кийин Николайдын достору Орусияга кайра кетүүнү чечкен. Ал эми өзү агасы менен бирге ноябрдын ортосунда шаар четиндеги от жагылбаган үйгө көчүп барган. Ал үй Кыргызстандагы жаңы таанышынын үйү болчу — ага-ининин акчасы деле түгөнө баштаган. Онколог дачанын айланасындагы кооздукка суктанып, үйдүн ичиндеги 13 градус температураны деле элес алган эмес. Бул бир туугандар ижара акынын эсебинен 1000 долларга сатып алган электр жылыткыч сайгандан кийинки көрсөткүч болчу.

Көп өтпөй Марк дагы Орусияга кеткен — ал жакта жергиликтүү бийликтин көңүлүн начар жолдорго, жабылбаган канализациялык коллекторлор менен таштанды төгүүчү жайларга бурган активист болуп жүрөт. Ушул тапта — жарылуудан коргоно турган калкалоочу жайлардын жоктугун айтып чыгууда. «Ал өзүн өлкөсүнүн патриоту деп эсептейт жана билими менен жөндөмү Орусияда адилеттүү иш үчүн күрөшкөнгө керек деп эсептейт», — деп түшүндүрдү агасынын мекенине кайтуу чечимин Николай.


Николай агасына керектүү буюмдарды кайра Москвага жөнөтүп жатат. Сүрөт: Сергей Наумов «Клооп» үчүн.

Агасы мекенине учуп кеткенден кийин, үйдө суу түтүктөрү тоңуп, электр энергиясын алып келген трансформатор жарылып кеткенин айтып берди Николай. Ал жакта жашоого мүмкүн болбой калганда үйдүн ээси онкологго туугандарынын жер тамына жайгашууну сунуштаган. Хланта ошол жакта тургундарга кеп-кеңеш берип, бир нече ай жашаган.

«Алтургай кызын Москвага дарыланууга жөнөттүм», — деп эскерет дарыгер.

Андан соң Николай турак-жай деп саналбаган, ысык суу, электр жарыгы жок имаратта үч ай жашаган. Кийин акыры тааныштары аркылуу достору менен чоң үйгө киришкен — анда тогуз адам жашашат.

Сакйып кетүүгө болгон үмүт

Николай Кыргызстанда көпчүлүк тургундар жергиликтүү адистерге дагы көрүнө албаганын түшүнгөн — жакыр турушат же ооруканадан алыс жашайт. Ошондо гана ага «Бардык адамдар үчүн дарыгер» интернет-коомун түзүү идеясы келген. Идеяны ишке ашырууга Николайга Кыргызстанга келген жана кийин кайра өлкөдөн чыгып кеткен кесиптештери жардам беришкен.

«Орусиялык дарыгер-травматолог жана айтишник досум Сербияга кетти. Ал биздин телеграм-чат үчүн бот түзүп берди жана ал азыр дагы иштеп жатат. Муну менен ал дарыгерлердин интернет-коомчулугун түзүүгө жардам берип жатат. Ошондой эле графикалык дизайнер болгон таанышым логотипти бекер жасап берди, ага да абдан ыраазымын», — деп айтып берди Николай.


Сүрөт: Сергей Наумов «Клооп» үчүн

Көйгөйүн чечүүдө онлайн кеңештер жардам бере албаган бейтаптар коомго мүчө врачтар менен жеке дарылоо тууралуу макулдашат. Зарыл учурда Николай деле офлайн консультацияларды өткөрөт — бейтаптарды көбүнчө кафелерде көрөт. Бейтапты кароонун акысы – «менин эмгегимди канчага бааласаңыз ошончо».

Оорусу өтүшүп кеткен учурлап көп эле болот — андайда дарылоо эмес, бейтаптын жан сыздаткан оорусун жеңилдетүү тууралуу гана сөз болот. Мындай учурлардын бири — кезектеги бейтаптын башындагы залалдуу шишик жашоосунун борборуна жооп берген баш мээге чейин өсүп кеткени.

«Биз жолукканга чейин ал дарыланып, химия жана нур терапиясын алган. Бирок аларды бир учурда алган эмес, болбосо бейтап кабылган рактын түрүн дарылоого бул ыкма жакшы жыйынттык бермек, – деп эсетейт Николай. — Бейтаптын акыбалы эч кандай “химия” алууга болбой калган. Бейтап менен жолуккандан бир эки күн өткөндөн кийин, ал комага түшө баштады. Врач-невролог кесиптешим менен бул процессти жана катуу оорунун синдромун токтото алдык… Ошентип кайгылуу аяктоону бир канча убакка артка жылдыра алдык».

Дарыгердин айтымында, бейтаптардын үйүнө барганда дарылоого мүмкүн болбой турган оор учурлар көп кездешет. Анда Николай аларга паллиативдик дарыгер катары жардам берүүгө аракет кылат. «Адамдар кандайдыр бир жол менен мен жөнүндө билип калышат, айыгып кетүүгө үмүттөнүшөт. Акыркы үмүткө ишенишет», — дейт Хланта.

Автору: Сергей Наумов
Редактору: Дмитрий Мотинов
Которгон: Чолпон Бейшелең кызы