Жерлерди өзүм билемдик менен басып алып курулуш жүргүзүү үчүн жаза күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров жерлерди өз билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 13-июлда өлкө башчысынын администрациясы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске бул өзгөртүүлөрдү парламент үстүбүздөгү жылдын май айында «жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында» кабыл алган.

Эми чоочун бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу үчүн 200 миң сомго чейин (мурда 20-50 миң сом болчу) штраф салынат. Жер тилкесин өмүргө жана ден соолукка кооптуу эмес же аны колдонуу коркутуусу менен күч колдонуп басып алуу жана ал жерге өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүү 5-7 жылга (мурда 5 жылга чейин болчу) чейин эркиндиктен ажыратуу менен жазаланат. Эгер жерди басып алуу учурунда курал колдонулуп же кимдир бирөөнүн ден соолугуна оор зыян келтирилген болсо шектүү 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат (мурда 7 жылга чейин болчу).

Жер участогун өзүм билемдик басып алууну уюштуруу же жетектөө үчүн эми 10 жылдан 12 жылга чейин (7ден 10 жылга чейин болчу) эркиндиктен ажыратуу түрүндөгү жоопкерчилик каралган.

Мындан тышкары, мыйзамда жооптуу кызматкерге карата да жоопкерчилик киргизилген, эгер ал жерди өз билемдик менен басып алууну болтурбоо чараларын көрбөгөн болсо. Бул үчүн чиновникке 30 миңден 70 миң сомго чейин айып салынат же белгилүү бир кызматты аркалоо же үч жылга чейин белгилүү бир ишмердикти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Алдын ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосун үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу чарасы менен жазаланат.

Ошондой эле эгер жер участогу басып алуудан кийин айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыз абалга келип калса күнөөлүү киши баары бир деле 5 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып жазаланат. Ошол эле жосун сугат жерлеринин айыл чарба өндүрүшүнөн чыгып кетишине алып келсе 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Апрелде президент Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон. Анда бир катар мекемелерге жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол берилбеши үчүн чараларды көрүү тапшырмасы берилген.

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер айыл чарба багытындагы категорияга кирет, бирок чынында аларга үйлөр курулуп калган. Бул жер тилкелеринин көбүн жарандар 2005-жылдан кийин басып алышкан, кийин алар сатылып, колдон-колго өтүп кеткен.

Иллюстративдик сүрөт: Эрнист Нурматов / RFE/RL.