Депутат Дастан Бекешев: Конституциялык сотту «бычмай» болушту

Депутат Дастан Бекешев телеграм каналына президенттин администрациясы «Конституциялык сот жөнүндөгү» мыйзамга киргизүүнү сунуштап жаткан өзгөртүүлөр тууралуу пикирин жазды. Аталган өзгөртүүлөр Конституциялык сотко өз чечимдерин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштайт.

«Жашы жеткенден кийин Элмира Гүлмировна, Бегимай Үмүтканова, Бакыт Перизатович, Руслан Канышаевич жана матчество алууну каалаган башкалар өлкөбүздө эми болбойт. Болбойт, анткени саясий лидерлердин жарандык позициясы Конституциялык соттун ыйгарым укуктарынын күрөө тамырын кыйган мыйзам долбооруна айлана турган болду. Бул матчество эмне болсо ошо болсун, кеп башкада: конституциялык сотту бычып, ургаачыга айландырышмак болду», — деп жазды Бекешев.

Депутат бул мыйзам долбоору аркылуу авторлор президентке жана Конституциялык соттун төрагасына Конституциялык соттун чечимдерин кайра карап чыгуу боюнча сунуштама берүү укугун ыйгарып, негиздеме катары Өзбекстан, Казакстан жана Литваны мисал келтирип жатканын белгиледи.

«Бирок аларда [Өзбекстан, Казакстан жана Литвада] Конституциялык соттун чечимин кайра кароого ишти карап жаткан учурда белгисиз болгон жагдайлар болгон учурда жана Конституциялык нормалар өзгөргөн учурда жол берилет. Бизде болсо чечим Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе деп кошуп жатышат. Эл үчүн [эмне туура, эмне туура эмес экенин] эл өзү чечпей калары турган иш», — деп белгиледи депутат.

Муну менен катар Бекешев «Конституциялык соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт» деген берене эмне болот деген суроо салды? Эл өкүлү анда мыйзамдарды эмес, Конституциянын өзүн кайра жазып чыгуу керек болот деп боолгоду.

«Эмне эле деп атам? Көпчүлүк үчүн Конституцияны каалагандай калчаганга караганда матчество коркунучтуураак. Аны ликвидациялап, ыйгарым укуктарын президенттин администрациясына берүү үнөмдүүрөөк болот. Конституциялык сотко кайрылуу укугу маанисиз болуп каларын түшүнгөндөр аз», — деп жыйынтыктады Бекешев.

Президент сунуштаган өзгөртүүлөр

Президенттин администрациясы 17-июлда «Конституциялык сот жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун жарыялаган. Өзгөртүүлөр аркылуу Конституциялык сотко өз чечимдерин кайра карап чыгууга уруксат берүү сунушталып жатат.
Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча төмөнкү учурларда кайра карап чыгышы мүмкүн.

Мыйзамдын долбоорунда чечим кандай учурда кайра каралып чыгышы мүмкүн болгон учурлар жазылган. Алсак, ал эгер чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө, чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса жана чечим «Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе» кайра каралышы мүмкүн.

Колдонуудагы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

Конституциялык соттун акыркы чечимдеринин бири матчествого байланыштуу болгон. Ага ылайык, кыргызстандыктар 18 жашка толгондо матчество ала алышат. Бирок бул чечим коомдук резонанс жараткан. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ага каршы пикирин билдирип, «[чечимди]ким кабыл алса, ошол жокко чыгарсын!» деп жазган.