Президент Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого жол ачкан түзөтүүлөрдү сунуштады

Президент Садыр Жапаров «Конституциялык сот жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору өлкө башчынын сайтында жарыяланды.

Жапаров мыйзамды 52-1 беренеси менен толуктоону сунуштап жатат (Конституциялык соттун чечимин кайра карап чыгуу).

Ошентип, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча төмөнкү учурларда кайра карап чыгышы мүмкүн, эгерде:

  • чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;
  • чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
  • чечим Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Колдонуудагы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

Мурдараак УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда матчествонун киргизилишине каршы пикирин билдирген. Матчество алуу Конституциялык сот балдар жазуучусу жана активист Алтын Капалованын иши боюнча чечимин чыгаргандан кийин мүмкүн болгон.

Ал эки жылдан ашык убактан бери жашы жете элек балдарынын расмий документтерине матчество катары өз ысымынын ыйгарылышына ээ болуу укугу үчүн күрөшкөн.

3-июлда Конституциялык сот активистке өзүнүн жашы жете элек балдарына матчество берүү маселесин чечүүдөн баш тарткан, бирок кыргызстандыктар 18 жашка толгондо матчество ала аларын билдирген.

Матчествонун киргизилишине муфтий Замир Ракиев дагы каршы пикирин билдирген. Ал «мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн» деп эсептейт. Ал эми Ташиев болсо Фейсбуктагы барагына «эч кандай матчество деген болбойт, ким кабыл алса, ошол жокко чыгарсын!» деп жазган.

Ташиевге Конституциялык соттун басма сөз катчысы Жылдыз Жороева жооп берген. Ал Фейсбуктагы барагында Кыргызстанда канча бийлик бутагы бар экенин сурап, Конституциялык соттун чечим акыркы болуп эсептелинерин эске салган.

Кийин Конституциялык соттун өзүнөн Жороеванын посту алар менен макулдашылбаганын жана бул алардын расмий позиция болуп эсептелинбесин билдиришкен.