Юрист: Президент сунуштаган Конституциялык сот жөнүндөгү мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева президенттик аппараттын Конституциялык сотко өз чечимдерин кайра кароого жол берген Конституцияга киргизүүнү сунуштап жаткан түзөтүүлөрү Конституциянын өзүнө карама-каршы келерин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы барагында жазды

Эргешбаева сунушталган түзөтүүлөрдүн болбостугун түшүндүргөн бир нече корутундусун келтирди. Алардын бири бул Конституциялык соттун чечимдери башка тараптардын сунуштары же суроо-талаптары боюнча каралышы мүмкүн эместигин, болбосо ал анын көз карандысыз ишине кийлигишүү болуп каларын түшүндүрөт.

«Конституциялык сот Конституцияны талдайт жана укуктук системанын концептуалдык негиздерин аныктоо үчүн анын жоболорун чечмелейт, анын чечимдери бийик юридикалык мааниге ээ. Башка тараптардын сунуштары Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароо үчүн негиз боло албайт, антпесе сот бийлигинин көз карандысыздыгынын негизги принциби бузулат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесине жана 97-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык)», — деп түшүндүрдү ал. 

Ошондой эле ал Конституциялык сот чечимдерди кайра кароону Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде мамлекеттик стратегиялык документтер сыяктуу кошумча негиздерди эске алуу менен карайт деп кошумчалады. Ошол эле учурда, Эргешбаеванын айтымында, коомчулуктун пикири конкреттүү далилдер жана изилдөөлөрсүз чечим кабыл алуу үчүн негиз боло албайт, «анткени адеп-ахлак жана моралдык аспекттер ар дайым эле объективдүү өлчөнө албайт».

«Президенттин администрациясынын конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу президенттин ыйгарым укуктарынан аша чабуу жана конституциялык укуктарды бузуу катары каралышы мүмкүн», — деп түшүндүрдү юрист

Президенттин администрациясы 17-июлда «Конституциялык сот жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда турат. 

Түзөтүүлөр менен президенттин администрация мыйзамды 52-1 беренеси менен толуктоону сунуштап жатат (Конституциялык соттун чечимин кайра карап чыгуу).

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча төмөнкү учурларда кайра карап чыгышы мүмкүн:          

  • чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;
  • чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
  • чечим Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Колдонуудагы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.