The Washington Post: Орусияга «көмөктөшкөн» кыргыз ишканаларына санкция салынышы мүмкүн

АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга карата Орусияга санциялардан буйтап өтүүгө «жардамшаканы» үчүн экономикалык таасир этүүнүн чараларын камдап жатат. Бул тууралуу АКШдагы жооптуу аткаминерлердин арасындагы өздүк булактарына таянып Американын The Washington Post басылмасы жазды.

Макалада АКШ президентинин администрациясы Кыргызстандын ролуна «тынчсызданып» жатканы жазылган, себеби кээ бир кыргыз компаниялары Орусияга санцияланган товарларды сатуунун кескин өсүшүнөн пайда көрүп жатат.

«[Санциялык] пландар менен тааныш болгон АКШнын расмий эки адамынын айтымында, бир катар америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкектеги бир нече айга созулган майнапсыз сапарынан кийин АКШ президентинин администрациясы өлкөнү сооданы токтотууга мажбурлоо үчүн жаңы экономикалык чараларды камдап жатат. Бул чаралар дароо ушул аптада кабыл алынышы мүмкүн», — деп жазды The Washington Post.

Басылманын маалыматына ылайык, АКШ Кыргызстандан Орусияга ташылып баратып Казакстанда кармалган Кытайдын DJI Agras T30 үлгүсүндөгү 14 дрону тууралуу кабарга өзгөчө көңүл бурган. Дрондор кармалганы июндун башында белгилүү болгон. Казакстандын Бажы кызматы билдиргендей, товарды алып өтүп бараткан «Импульс-Инвест» ЖЧКсынын товарга лицензиясы жок болгон.

The Washington Post айрым товарлар менен соода-сатыктын өсүшүнө байланыштуу комментарий алуу үчүн Кыргызстандын АКШдагы элчилигине кайрылган. Ал жактан муну товарлардын өлкө чек арасы аркылуу кыймылын күзөтүүчү электрондук системалар жакшырганы менен түшүндүрүшкөн.

Андан тышкары, дипломатиялык өкүлчүлүк Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын жана эки өлкө тең ЕАЭБдин мүчөсү экенин билдиришкен.

Мурдараак АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Кыргызстан Украинага толук максштабда кол салган Орусияга анчейин үмүт арта бербеши үчүн республикага колдоо көрсөтүп жатканын билдирген. Ал АКШнын максаты учурда Кыргызстанды санкциялар менен «жазалоо» эмес, өлкө санкциялардан буйтап өтүүчү жайга айланып калбашы үчүн ага маалымат берүү экенин белгилеген.

Буга чейин «Азаттык» басылмасы Кыргызстандын жана Казакстандын компаниялары Украинадагы согушка байланышы бар орус компанияларына батыштын техникаларын жеткирип берип турганы тууралуу жазган.

Журналисттер Батыштын Борбор Азия аркылуу аскердик товарлардын өтүшүнө тоскоолдук кылууга жасаган аракетине карабастан, кыргыз жана казак компаниялары кош багытта колдонулуучу технологияларды ташып турганын аныкташкан.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабда кол сала баштагандан кийин АКШ жана Европа биримдиги Орусияга каршы санкцияларды салып, аскердик багытта колдонулушу мүмкүн технологиялардын экспортун катаалданткан. Анткен менен Орусия аталган чектөөлөргө илинбей калган башка өлкөлөр аркылуу, анын ичинде Кыргызстан жана Казакстан аркылуу батыштын технологияларын алууну улантууда.

Андан тышкары, АКШ мурдараак Орусиянын аскердик тармагына көмөк көрсөткөн бир кыргыз ишканасына санкция салганы маалым. Ал Tro.Ya деп аталган компания экени белгилүү болгон. Бул компанияны АКШнын Соода министрлиги Орусиянын аскердик жана коргонуу тармактарын колдогону үчүн кара тизмеге киргизген.