Кыргызстандагы компания АКШнын санкциясына кабылды

Кыргызстандагы «Тро, Я» компаниясы АКШнын санкциясына кабылды. Американын Соода министрлиги аталган ишкананы «Орусиянын аскер күчтөрүнө көмөк көрсөткөн юридикалык жактардын» кара тизмесине кошту.

Сүрөт: АКШнын Соода министрлиги

Маалыматка ылайык, компаниянын Токмок жана Бишкек шаарында кеңсеси бар. Ишкана сайтында өнөр жай тармагына тиешелүү телекоммуникация, навигация жаатындагы электрондук жабдууларду ташый турганын көрсөткөн.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компания 2018-жылы кайра каттоодон өткөн, негиздөөчүсү жана жетекчиси — Хилоу Насер Ишарович. «Тро, Я» — Батыштын санкциясына илинген Кыргызстандагы алгачкы ишкана.

Украинадагы согуштан улам АКШнын Орусияга киргизген санкциясына бул ирет Кыргызстандагы компаниядан тышкары Орусиядагы 69, Армениядагы бир ишкана кабылды.

Орус армиясынын Украинага ири масштабда кол салуусу 2022-жылдын 24-февралында башталган, согуш бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Аскердик кол салууну батыш өлкөлөрү айыптап, Орусияга карата мурда болуп көрбөгөндөй сандагы санкцияларды киргизишкен. Мындан тышкары, батыш өлкөлөрү Орусияга жардам берген өлкөлөргө дагы санкциялар колдонуларын бир нече ирет айтып эскертишкен.

Бул тизмеге биринчи болуп Лукашенко башында турган Беларус мамлекети кирген. Лукашенко Путинди бөркүндөй колдоп, ал тургай Украинага кол салуу үчүн өлкө аймагынан жол ачып берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Амангелдиев: Санкциялык товарларды Орусияга реэкспорт кылууда Кыргызстандын салымы аз