Чычкан капчыгайында жеңил машина жүктөп бараткан унаа кырсыктап, эки адам каза болду

Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында тогуз жеңил машина ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кырсыктап, эки адам каза болду. Бул тууралуу 22-июлда «Клоопко» жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык 22-июлда таңкы саат 06:30 чамасында болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, «Трал» оор жүк ташуучу унаанын айдоочу уктап кетип, рулду башкара албай, жарды сүзгөн.

Ал эми социалдык тармактарда кырсыкка кабылган унаанын күйүп жатканы тартылган видео тарады. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочулар тогуз унаа жүктөп бара жатышкан. Видеодон унаалардын ар кайсы жерде талкаланып жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин, 19-июлда Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда жүргүнчү ташыган автобус менен оор жүк ташыган унаа кагышып бир адам мерт кеткен. Дагы 23 киши түрдүү жаракаттарды алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгында бир адам каза болуп, 23 киши жаракат алды