Бишкек: Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгында бир адам каза болуп, 23 киши жаракат алды

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда жүргүнчү ташыган автобус менен оор жүк ташыган унаа кагышып бир адам мерт кетти. Дагы 23 киши түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу 19-июлда «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, маршруттук автобустун ичиндеги бир адам ошол жерде жан берген. Жаракат алган 11 адам ооруканага жаткырылды. Төртөө реанимацияда, үчөөнүн абалы «өтө оор» экени айтылды.

Жол кырсыгы тартылган видео 19-июлда социалдык тармакка тарады. Анда 169-кичи автобус жол боюнан жүргүнчү салып жыла баштаганда, артынан катуу ылдымдыкта келаткан оор жүк ташуучу унаа келип сүзгөнүн көрүүгө болот.

Чүй облустук милициясы «Клоопко» жүк ташыган унаанын ээси кармалганын, кырсыкты Сокулук РИИБи териштирип жатканын маалымдады.

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Сокулук районунун Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү мектеп-лицейдин окуучуларын ташыган автобус жол кырсыгына кабылган. Анда мектеп автобусу GoBus кичи автобусу менен кагышканы айтылган. Ооруканага жалпы 27 бала кайрылган.

Кийин кырсыктаган балдар Сокулуктагы Лесное айылынын окуучулары экени белгилүү болгон. Алар айылда мектеп жок болгондуктан кошуна айылга барып-келип окууга аргасыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сокулуктагы окуучулар кабылган жол кырсыгы: Комада жаткан бала өзүнө келди