Таймурас Ташиевдин атын жамынып Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган шектүү кармалды

УКМК кыргыз-казак чек арасындагы «Актилек» өткөрмө бекетинен коңшу өлкөгө мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылган шектүүнү кармады. Бул тууралуу 22-июлда атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 22-июлга карган түнү саат 2:30 чамасында болгон. Анда «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чек ара сызыгына баш ийбей, Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Чек арачылар унааны токтотуп калган.

«Кармоо учурунда шектүү жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Камчыбекович менен байланышы бар экенин айтып, аскер кызматкерлерин коркуткан», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Кийин шектүү Ташиев менен «эч кандай» тааныштыгы жок экенин жана чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда мас абалды болгонун айтып кечирим сураган.

УКМК шектүүгө карата «Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Азыркы тапта ал убактылуу кармочу жайда.

Бийлик башындагылардын атын жамынып шектүүлөрдүн мыйзамсыз иштерди жасаган учурлары буга чейин да катталган. Өткөн жылы өздөрүн президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганы деп тааныштырып жүргөн алдамчылар кармалган.

Алар мамлекеттик Бажы жана Салык кызматынын жооптуу адамдарын коркутуп, мамлекеттик чек ара аркылуу жүк өткөргөн айрым компанияларды калкалап жүрүшкөнү белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК Жапаров менен Ташиевдин атын жамынган алдамчыларды колго түшүрдү

УКМК атайын кызматтын атын жамынып аялдан 300 миң сом опузалаган шектүүнү кармады