УКМК атайын кызматтын атын жамынып аялдан 300 миң сом опузалаган шектүүнү кармады

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, аялдан 300 миң сом опузалаган шектүү кармалганын билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, УКМКнын атын жамынган киши жабырлануучунун тууганынын ишинде көмөк көрсөтүүнү, ошондой эле Талас облустук сотунда жана прокуратурадан оң чечим чыгартып берүүнү убада кылган.

Шектүү 4-мартта аялдан талап кылган акчанын 200 миң сомун алып жаткан учурунда кармалып, «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тема боюнча:

«21,5 миң долларды алдап алуу». Орган кызматкеринин атын жамынган шектүү кармалды

УКМК кызматкерлеринин атын жамынып, 180 миң доллар алгандар кармалды