Бишкек: Кыргыз тилинде аутизм тууралуу эки китеп жарык көрдү

24-июлда Бишкекте аутизм тууралуу кыргыз тилинде басылып чыккан ата-энелер үчүн колдонмонун жана «Менин өзгөчө бөбөгүм» аттуу иллюстрациялык китепченин бет ачары болду.

Ата-энелерге арналган китептин автору — аутизми бар баланын энеси, журналист Бактыгүл Чыныбаева. Ал эми кыргызча-англисче иллюстрациялык китепти Чыныбаеванын улуу кызы Зейнеп Ибраим кызы даярдаган.

Автор «Клоопко» курган маегинде колдонмолор аутизм тууралуу кадимки балдарга маалымат берүүгө багытталганын белгиледи. 

«Бул үй-бүлөбүздүн демилгеси. Кызым “аутизм тууралуу кыргыз тилинде маалымат берем” деп долбоор жазган. Ал аутизм оору эмес экенин, аны менен жашаса болорун, өзгөчө балдарды кадимки балдар менен бирге окутуш керек экенин танытууну каалаган. Ортончу баламдын аутизми бар, кызым өзгөчө балдар тарткан кыйынчылыктарды күчүктүн көз карашы менен чыгылдырды», — деди ал.

Чыныбаева ата-энелер үчүн колдонмодо бала тарбиялоодогу башынан өткөргөн кыйынчылыктарды, каталары жана тажрыйбасы менен дагы бөлүшкөнүн айтат..

«Колдонмодо аутизмдин белгилери кандай, балада андай белгилер байкалса эмне кылыш керек, ата-энелер өздөрүнө кандай жардам бере алат, алар депрессиядан кантип чыгышы керек, өзгөчө баласы бар үй-бүлөдө бир туугандардын мамилеси, өлкөдө кандай борборлор бар деген маалыматтар камтылды. Алар кыскача мисалдар, практикалык тесттер менен коштолду», — деди ал. 

Китептер Американын Project For Peace долбоорунун колдоосу менен 1000 нускада басылып чыгып, республикадагы китепканаларга, балдарды окутуучу борборлорго жана мектептерге акысыз таратылды. Авторлор кийин китептин экинчи-үчүнчү бөлүгүн чыгарууну көздөшүүдө.

«Аутизми бар балдар үчүн идеалдуу дүйнөдө өзөчө балдар коомдун кадыресе мүчөсүндөй эле кабыл алынышы керек. Биздин өлкөдө жада калса аутизм боюнча клиникалык протокол жок. Бийлик башка өлкөлөр түзүп койгон даяр механизмдерди колдонуп, инклюзивдүү дүйнөнү түзсө болот. Ал эми биздин коом ага даяр, өлкөдө өзгөчө же майыптыгы бар адамарга эмпатия күчтүү, жакшы көрүп, колдоп турушат», — деп кошумчалады ал.

Аутизм — кандайдыр бир оору же майыптык эмес, аны дарылай да албайсың. Бул спектрге киргендердин аң-сезимдик өнүгүүсү, дүйнөнү кабылдоосу, коом менен байланышы өзгөчө болуп, жыт, үндөргө сезимтал келет. Алардын арасында таланттуу окумуштуу, сүрөтчү, музыкант жана спортчулар бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Аутизм тууралуу кыргыз тилинде айтып берген маалыматтык аянтча кантип түптөлгөн?

«Коомдун өгөй балдары». Ошто аутизмге кабылгандардын окуясы