Видео: Аутизм тууралуу кыргыз тилинде айтып берген маалыматтык аянтча кантип түптөлгөн?

Ozgocho.Kyrgyzstan — бул аутизм тууралуу кыргыз тилинде айтып берген маалыматтык долбоор. Долбоорду негиздеген Азиза Мурашова эмне үчүн андай аянтча түзүүнү чечкенин, ошондой эле келечекке койгон максаттары менен бөлүштү.

«Башкы максат — балдары аутист ата-энелерге колдоо көрсөтүү. Биз ал тургай whatsapp тайпа ачтык, ал жакта 30дан ашык киши бар, энелер… Эрежеге дайыма бул колдоо аянтчасы, бул жактан сын айтпайбыз, бул жерден эч кимге акыл үйрөтпөйбүз.

Сизди аутист баланын энесинчелик эч ким түшүнбөйт. Биз сизди колдогонго, сизди сооротконго, сизге “Бардыгы жакшы, бардыгы жайында болот” деп айтканга сөз табабыз деп жазчумун», — деп белгиледи Мурзашова.

Ozgocho.Kyrgyzstan @soroskyrgyzstan Фондунун колдоосу менен @idea_ca тарабынан ишке ашырылып жаткан @mediajasa.kg долбоорунун алкагында ишке ашырылган.