Энергетика тармагына 2026-жылдын аягына чейин ӨК режими кирет

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетикалык тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 24-июлда өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлык «климаттык чакырыктарга, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөөнүн тездик менен ашыкча өсүшүнүн шартында генерациялоочу кубаттуулуктун жетишсиздигине байланышкан энергетикалык кризистен өлкөнү чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында» кабыл алынганы белгиленет.

Өзгөчө кырдаал режими 2023-жылдын 1-августунан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин киргизилет.

Буга байланыштуу президент Министрлер кабинетине бир жумалык мөөнөттө Энергетика министрлигине кийин Жашыл энергетика фондуна өткөрүп берүү менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун аныктоо жана бөлүп берүү укугун берүүнү тапшырды.

Ошондой эле ӨК режими иштеп турган маалда энергетика министрине жер жана суу фонду, жер казынасын пайдалануу маселелерин тескеген айыл чарба, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлеринин орун басарларынын, Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин, «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын директорлорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын Кыргызстандын аймагында энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу бөлүгүндө ишин жалпы координациялоону жүзөгө ашырууга укук берилүүдө. Эгер ушул мекемелердин орун басарлары энергетика министринин тапшырмаларын аткарышпаса ал аларды ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизе алат.

Мындан тышкары, президент Министрлер кабинетине энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун инвентаризациялоо жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле минкаб быйыл 1-сентябрдан тартып белгиленген тартипте энергетика чөйрөсүндөгү объекттерди курууга арналган, максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган же техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу, энергетикалык объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча иштер баштала элек жер участокторун пайдалануу укугун токтотууну демилгелеши керек.

Энергетика тармагындагы мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканаларга, акционердик коомдорго жана алардын туунду коомдоруна ӨК режимин киргизүү менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан методу менен сатып алууга уруксат берилет.

Президенттин жарлыгынын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик энергетика министри Таалайбей Ибраевге жүктөлөт.

Электр энергиясынын тартыштыгы

Буга чейин Ибраев электр энергиясы таңкыс болуп жаткандыктан 2023-жылдын 1-августунан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган, анын айтымында, таңкыстык жылдан-жылга өсөт.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын ноябрында өлкө энергетикасындагы каатчылык тереңдеп кеткенин айткан. Калктын электр энергиясын керектөөсү жыл сайын өсүп жатат, ал эми өлкө азырынча бүрөөк энергия өндүрө албайт.

Ошондуктан өлкөдө электр энергиясы таңкыс болуп, мамлекет таңкыстыкты коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо жана жер-жерде жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр аркылуу абалды кармап турууга аракет кылып жатат.

Бирок быйыл таңкыстыкка байланышкан жагдай курчуп кетиши мүмкүн, себеби өлкөнүн электр энергиясын берген башкы булагы — Токтогул суу сактагычы — сууга толбой жатат.

Ал эми 2023-жылдын июлунун башында өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу сактагычта суунун агып кирүүсү төмөн болуп аткандыктан тиешелүү мекемелерге «электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну» тапшырган. Божомолдорго ылайык, 2023-жылдын октябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөрү күтүлүүдө, бул пландалгандан 2 млрд метр кубга аз.

Тема боюнча: «Бакиевдердин майнинги». Министрлик «Клооптун» иликтөөсүндөгү маалыматтарды тастыктады