Энергетика министри таңкыстык күч экенин айтып, өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады

Энергетика министри Таалайбек Ибраев таңыстык күч экенин айтып өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 20-июлда өкмөттүн жыйынында билдирди

Ал президенттин жарлыгы менен 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо керектигин билдирди. 

«Климаттык шарттарга, Нарын дарыясына суунун аз келгенине, электр энергиясынын жетишпегенине байланышкан энергетикалык кыйынчылыктарды жоюуга шашылыш чараларды көрүү зарыл. Быйыл электр энергиясына болгон таңкыстык 3 млрд кВт/саат болсо, кийинки жылдары дагы өсөт. Мисалы, 2023-жылы 17 млрд 200 миң кВт/саат болсо, 2026-жылы 19 млрд кВт/саатка чейин жетет. Таңкыстык 5-6 млрд кВт/саатка барып калышы мүмкүн», — деди Ибраев. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Таалайбек Ибраевдин сунушун колдоп,  тез арада президенттин жарлыгынын долбоорун даярдоону тапшырды.

Ызгаардагы жарык өчүрүүлөр

Быйылкы кышта катуу сууктан улам өлкөнүн көпчүлүк аймагында электр жарыгы өчүрүлүп, ыңгайсыздыкты жаратты. Айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушкан. Буга жооп катары Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графиктерин жарыялай баштаган.

Өз кезегинде бийлик суук түшкөндө электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатат деген маалыматты четке кагып, бул өчүрүүлөрдү «жөнгө салуучу чаралар» деп атаган.

Ал эми энергетиктер тургундарды «жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн» деп эскертишкен.

Айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен.Ал эми 21-январда президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 0,77 тыйындан 1 сомго кымбаттай турганын билдирген. Ошондой эле ал өлкөдөгү электр жабдыктары дээрлик 80%га эскиргенин, ал эми электр тармактарынын карызы 137 миллиард сомду түзөрүн белгилеген.

Апрель айында депутаттар  «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар кредит алуу долбоорун колдошкон. Бул каражат бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталары айтылган.

Ал эми 1-майдан тарта тургундар үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду тузгөн. Калктын аялуу катмары үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт/саат үчүн 50 тыйын бойдон калган. Бийликтин пикиринде, бул жогорулатуу энергокомпаниялардын бюджетине кошумча 2,4 млрд сом алып келиши керек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон бардык чыгымдарды тарифке кошууну сунуштады

Депутаттар энергетика тармагына 50 млн доллар кредит алууну колдошту