ИИМ Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтор бизнести «калкалабай» калганын билдирди

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов уюшкан кылмыштуу топтор Ысык-Көлдө бизнести «калкалабай калганын» билдирди. Бул тууралуу Исмаилов 26-июлда Sputnik Кыргызстан басылмасында өткөн брифингде айтты.

Басылманын журналисти Исмаиловго кылмыштуу топтордун жергиликтүү бизнес менен байланышы бар болушу мүмкүнбү жана алар эс алуу борборлорунда чыр чыгып кетсе «пайда боло калышы» ыктымалбы деген суроо узатып, оюн сурады.

«Ысык-Көлдө бизнести кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт деген эски, туура эмес маалымат. Азыр андай жок. Быйыл жээкте такай милиция жүрөт, буга эс алуучулар өздөрү деле күбө боло алышат, [милиция] жүргөнүнө», — деп жооп берди Исмаилов.

Брифинг Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чараларга арналган.

25-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн эки киши каза тапканы белгилүү болгон. Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына ылайык, 23-июлда «Таблетка» балонун сүйрөтүп бара жаткан моторлуу кайык теплоходко урунган. Натыйжада үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда ооруканага түшкөн. Экөө алган жаракаттарынан улам көз жумган. Дагы бир кыз баш мээси чайкалып хирургия бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, каза тапкан улан менен кыз 2000-2004-жылы туулган.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров ИИМге жана жергиликтүү бийликке Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоону, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырган.

Башкы бетке иллюстрациялык сүрөт коюлду.

Автору: Медина Шамшидинова