Ысык-Көлдө эки адам теплоходго урунуп каза тапты

Чолпон-Атада эс алып жүргөн эки адам теплоходго урунуп каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБнен билдиришти.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна таянып, бир кыз жана бир бала гидроцикл кагып кеткендиктен жарат алып, ооруканадан каза тапканын кабарлашкан

Бирок, милициянын маалыматы боюнча, 23-июлда эс алуучу жайлардын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн «Таблетка» балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунган. Натыйжада, үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Маалымат каражаттары каза тапкан улан менен кыз 2000-2004-жылы туулган деп жазышты.

«Кырсыктан үч адам — эки кыз жана бир жигит жабыркаган. Экөө алган жаракаттарынан улам көз жумган. Дагы бир кыз хирургия бөлүмүндө, анын абалы туруктуу, баш мээси чайкалган, учурда дарыланып жатат», — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна таянып.

Ысык-Көл ОИИБнен «Клоопко» моторлуу кайыктын айдоочусу кармалып, алдын ала суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын билдиришти. 

Учурда тийштүү соттук-медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки иштер жүрүп жатат. 

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.