Кагаз салык декларацияларын таштанды полигонунда өрттөшөт

Салык кызматынын жетекчисинин орун басары Бекболот Алиев жеке жактардын кагаз салык декларациялары Бишкектеги таштанды полигонунда өрттөлөрүн билдирди. Бул тууралуу ал 3-августта маалымат жыйын учурунда айтты.

Декларациялар 2-августта жок кылына баштаган. Алиевдин айтымында, алгач электрондук декларациялар өчүрүлөт, андан соң кагаз түрүндөгү декларациялар жоюлат. 

«Электрондук декларациялардан тышкары кагаз түрүндөгү декларациялар да бар. Аларды Бишкек таштанды полигонунда өрттөп жок кылабыз», — деди салык кызматынын башчысынын орун басары.

Андан соң салык кызматынан Economist.kg басылмасына Алиевдин сөздөрүн түшүндүрүштү: документтер атайын аппаратта — инсинератордо — күйгүзүлөт.  

Мекемеден процедура таштанды полигонунда өрт чыгуу коркунучун жаратпай турганын белгилешти.

«Бул аппарат түрдүү таштандыларды, анын ичинде органикалык, биологиялык, тиричилик жана өндүрүштүк таштандыларды утилизациялоого ылайыкталган, андыктан утилизациялоо эрежелерин жана эеологиялык нормаларды сактоого мүмкүнчүлүк берет», — деп билдиришти салык кызматынан. 

Андан тышкары, мекемеден кагаз декларациялар эмне үчүн кайра иштетүүгө жиберилбейт деген суроого да жооп беришти. Салык кызматынан, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын конфиденциалдуулугун сактоо максатында, бул кагаздарды кайра иштетүүгө жиберүүгө болбосун айтышты. Анткени кайра иштетүү менен алектенгендер бул кагаздарды башка максаттарда пайдаланбастан, кайра иштетет деген кепилдик жок. 

Борбор калаадагы таштанды полигону 10 жылдан ашык убакыт бою өчпөй түтөп келген. Ушул жылдын май айында гана муниципалитет полигондогу түтүн толугу менен өчүрүлгөнүн билдирген

Буга чейин салык кызматынын басма сөз кызматынан 2023-жылдын 7-августуна чейин жеке ишкерлерден тышкары бардык жеке тараптардын декларациялары жок кылынарын билдиришкен

Маалыматка ылайык, мындай кадам 9-июнда күчүнө кирген «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамдын нормаларына ылайык жасалып жатат. 

Жеке жактар тапшырган төмөнкү декларациялар жок кылынат: 

  • FORM STI-100 (ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жактардын декларациялары);
  • FORM STI-103 (жөнөкөйлөтүлгөн салык салынуучу кирешеси жок жеке жактардын декларациялары);
  • FORM STI-155 (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жана ээлеген жеке жактардын декларациялары);
  • FORM STI-079 (жеке жак үчүн салык декларациясы).

Салык кызматынан «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу» мыйзамынын негизги максаты — кирешелерди легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу. Активдерди ыктыярдуу декларациялоонун мөөнөтү – мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып кийинки 12 ай.

Автору Медина Шамшидинова