Бишкектин таштанды полигонундагы түтүн толугу менен өчүрүлдү — мэрия

Бишкек мэриясы 17-майда шаардагы таштанды полигонундагы түтүн толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Таштанды жайы өчүрүлгөнгө чейин ал 10-жыл бою үзгүлтүксүз түтөп турган

Бишкектин таштанды полигону / Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Муниципалитеттен кошумчалашкандай, 12-апрелде түтүндү өчүрүү ишине ыктыярчылар дагы кошулуп, чоң колдоо корсөтүшкөн.

«Бул жаңы технологияларды, атап айтканда, технотация ыкмасын колдонуунун аркасы менен мүмкүн болду. Азыр алар полигондун аймагын иретке келтирүүнү улантышууда, ошондой эле полигондун бардык периметрине тосмо курулууда», — деп айтышты мэриядан.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Катуу тиричилик калдыктары системасын башкаруу» долбоорунун алкагында эски полигонду рекультивациялоо жана таштандыларды сорттоодон кийин сактоо үчүн жаңы жай куруу иштери жүрүп жатат.