Бийлик тамеки заттарына болгон акциз салыгын дайыма жогорулатып, кээде таптакыр эле тыюуу салып жатат. Насвайдан башкасына. Насвайга тыюу салынган эмес, алтургай эч кандай акциз да салынбайт. Аткаминерлер мындай чара насвай эң көп өндүрүлгөн Баткен облусунун экономикасын колдоо үчүн көрүлөрүн айтышат. Анткен менен анын ден соолукка тийгизген зыяны тамекиден кем эмес. Балким андан да зыяндуу болушу мүмкүн.
«Мурда насвай 10 сомдон болчу, азыр — 20 сом. Ал эми тамеки, мен чегип жүргөндө 50 сом эле, азыр — 120 сом», — деп айтып берди «Клоопко» түштүктөгү Жаңы-Алай айылынын 42 жаштагы тургуну Шергазы. Ал мектепти аяктагандан кийин тамеки чеге баштаган, кийин насвайга өткөн. Себеби насвай алуу жеңилирээк — бардык жагынан.
Шергазы тоодо мал багат — тамеки саткан жакынкы дүкөнгө чейин төрт сааттык жол. Ал эми насвай жергиликтүү тургундардын баарында бар.
Насвай — бул эринге же тилдин алдына салына турган майда тоголок чылым. Никотин ооздун былжыр чели аркылуу канга барат. Сатыктагы насвай салынган чакан баштыкчаларды Кыргызстандын бардык аймактарынан — дүкөндөрдөн, жайма базарлардан, көчө бойлоп майда-барат саткандардан тапса болот. Ал эми кыргызстандыктар насвайдын мекени санаган Баткенде керек болсо, тамеки саткан чакан базар да бар. Аты дагы ошондой — «Насвай базар».
2021-жылдын соңунда эле, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун чылымга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова мойнуна алган — мамлекеттин тамекинин баасын көтөрүп, чылым чеккендерди азайтуу аракетинен айрымдар эле жаман адатын калтырат. Калгандары арзан жана жектиликтүү болгон башка түрүнө — насвайга өтүп кеткен. Ошол маалда Бекбасарова Кыргызстанда насвайды колдонгондордун саны эки эсе өскөнүн айтып, ага «мүмкүн болушунча» тыюу салууга чакырган.
«Клооптун» журналисттери кепке тарткан бир нече киши насвай чегип калганынын бир нече себебин атаган: 15 жыл чылым чеккен киши таштоого аракет кылган, аскердик кызматта жүргөн кезде тамеки табуу мүмүкүн болбогондуктан — жана анын кымбат баасы. Бирок сурамжылоого катышкандар сормо чылымдын негативдүү таасирлерин да атап өтүшкөн — көңүл айланат, баш ооруйт, жагымсыз жыт чыгат, дайыма түкүрүнөт, керек болсо, эс-тутум начарлайт.
Ошондой эле маектештерибиз насвай өндүрүү тармагында көзөмөлдүн жоктугуна да тынчсызданышат. «Насвайды ким, кантип жасап атканын эч ким билбейт» — деди Адилет аттуу жигит. Биз маектештен төрт кишиден, акыры насвай «атмайды»* токтоткон жалгыз ушу — бирок никотинге болгон көз карандылыгынан арылган эмес, болгону кайра тамеки тарта баштаган.
*Насвайды колдонууну билдирген жаргон этиш болуп саналат
Бийликтин никотиндүү сүймөнчүктөрү
Бийлик никотин пайдаланууну кыскартуу үчүн барган сайын жаңы чара ойлоп таап жатат. Мисалы, курамында никотин бар продукцияны жашы жете электерге сатууга, коомдук жайларга чегүүгө тыюу салынган. Бирок терс адатка каршы күрөшүүнүн негизги эки ыкмасы бар: курамында никотин бар продукцияларды сатууга түз тыюу салуу жана ага карата акцизди жогорулатуу. Акциз көтөрүлөөрү менен баалар сөзсүз кымбаттайт — бул кыргызстандыктарга ден соолугуна аяр мамиле жасоого түрткү бериши керек.
Мыйзам боюнча, тамеки менен анын ордун алмаштырган товарларга акциз салыгы жылдан жылга өсөт. Мисалы, 2027-жылга барып тамеки чеккен адам акциз аркылуу, ар бир куту тамекиси үчүн 70 сомдон бериши керек.
Ошентсе да, курамында никотин бар түрдүү продукциянын ичинен кыргыз бийлигинин сүймөнчүлүгүнө ээ болгондор жана көз жаздымда калтыргандар бар сыяктуу. Мисалы, мартта парламент IQOS жана анын анологдору сыяктуулар үчүн ысытылган тамеки стиктерине акциз салыгын жогорулатууну жумшартпайбыз деп чечкен. Ошентип, стиктер мурдагыдай эле килограммына акциз салынат, ошол эле учурда башка тамекиге даанасына акциз чектелет. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу.
Анда депутат Дастан Бекешев ушул чечимден улам, бюджетке 300 млн сомдун тегерегиндеги каражат түшкөй каларын билдирип, стиктерге жеңилдик берүү бул «тамеки иштеп чыгарган компаниялардын катардагы сүрөмөлөөсү деп атаган.
Ошол эле маалда парламентте «айкосторго» атаандаш болгон электрондук тамекилерди —курамында никотин бар буулангычтарды — сатууга такыр тыюу салууну бир нече жолу сунушталган. Муну депутат Эрулан Көкүлов электрондук тамекилер «улуттун саламаттыгын өлтүрүп жатат» деп негиздеген. Анда саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, мындай мыйзам долбоору бар жана керек болсо ага минкаб тараптан оң корутунду да алган деп ишендирген.
Көкүловдун айткандарын кесиптеши Шайырбек Ташиев да колдогон. Анын пикиринде электрондук тамекиге тыюу салуу керек, анткени «аны ар бир экинчи кыз чегет». Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринин маалыматына ылайык, аялдар арасында насвай чеккендердин саны жети эсе өскөнү (кайсы убакыт аралыгы экени так айтылган эмес) депутатты кызыктырбагандай.
Түтөбөгөн, магдырап кере-кере тартууга болбой турган жаңы тамекиге мамлекеттин мамилеси акыркы кезде модага айланган чылымды алмаштыруучулардан дагы өзгөчө. Бул керек болсо, 2021-жылы кабыл алынган «Жарандарынын ден соолугун тамекиден коргоо жөнүндөгү» мыйзамда да көрүнүп турат. Ага ылайык, Кыргызстанда чегилбей турган чылым каражаттарын — өндүрүүгө, импорттоого, сактоого, сатууга тыюу салынган. Насвайдан башкасына.
Ошол эле кезде, Кыргызстан мүчө болгон Бажы биримдигинде толугу менен насвайга тыюу салынган. Ал эми Кыргызстанда ага эч кандай мамлекеттик акциз да салынбайт — демек күлкү келээрлик төмөн баада сатылат. Айыл чарба министрлиги болсо, «көмүскө аймактагы» насвайды расмий мыйзамдаштырууну сунуштап, аны «акыркы убакта насвай өтө популярдуу» болуп жатканы менен түшүндүргөн.
Демек, насвай — сыйкырдуу жол менен «кыргыз улутунун ден соолугун өлтүрбөгөн» чылымдын жалгыз түрү болуп калабы?
«Кызыл өңгөч, иче карын жана ашказан рагы»
«Акыркы 10 жылда Кыргызстанда ашказан рагы менен ооругандардын саны туруктуу өсүп келе жатат», — деп айтып берди «Клоопко» Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Анара Калиева. — Көптөгөн илимий изилдөөлөр ашказан рагынын өсүшүнүн негизги факторлорунун бири чайноочу чылымды үзгүлтүксүз колдонуу экенин далилдейт, ошондуктан Кыргызстандын дарыгерлери ашказан рагынын өсүп жатышын элдин насвайды көп колдоно баштаганы менен байланыштырышат».
Жумабекова негизи эле зыянсыз тамеки заттары болбойт деп түшүндүрөт. Бирок насвай башкаларга караганда кооптуу да болушу ыктымал, анткени ал колго жасалат жана анын курамындагы никотин менен башка уулу заттардын өлчөмүн эч ким көзөмөлдөбөйт.
Никотин адамды катуу көз карандылыкка гана алып келбестен, кан тамырларды ичкертип, андан соң — сезгенүүгө, жүрөк-кан тамыр жана гипертония ооруларына жеткирет. Органдардын кан тамырлары бүтөлүп калса инфаркт, инсульт жана гангренага алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, никотин адамдын ДНКсына да таасир этет жана никотинге көз каранды адамдын балдары тубаса кемтик менен төрөлүшү ыктымал.
Бирок Калиева насвайдын коркунучтуулугу курамындагы никотин үчүн гана эмес, ага кошулган өчүрүлгөн акиташта да болот дейт. Акиташ ооз көңдөйүндө түрдүү жараларды пайда кылышы мүмкүн.
«Бул жаралар андан ары рак клеткаларын пайда кылат жана ооз көңдөйүнүн, ичеги-карын, ашказандын залалдуу шишигине алып кетет», — деп эскертет ал.
Ал эми 2016-жылы АКШнын Миннесот университетинин Масон онкологиялык борбору кыргыз насвайына изилөө жүргүзүп, никотин менен акиташтан тышкары дагы бир нече заттарды табышкан:
-
уйкусуздук, ал кетүү жана баш ооруну пайда кылган толуол жана этилбензол сыяктуу уулу заттарды;
-
уйкусуздук, ал кетүү жана баш ооруну пайда кылган толуол жана этилбензол сыяктуу уулу заттарды;
-
өндүрүштө арбын колдонулган, мунайдын, инсектициддер менен боёктордун курамында бар о -Ксилолду — ал баш айлануу, уйкуга тартуу, баш оору, көңүл айлануу, ич оору, теринин кургап жана кызарышына алып келет.
Жыйынтыгында, изилдөөчүлөр күнүнө 30 граммдык кутудагы насвайды тартткан адам неврологиялык ооруларга жана боор менен бөйрөк дартына чалдыгат деген корутунду чыгарышкан.
Насвайды Москвадагы Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология борборунда да бактериологиялык анализден өткөрүшкөн. Анда берилген үлгү санитардык-микробиологиялык көрсөткүчтөр боюнча, адам үчүн коопту деген бүтүм чыгарышкан.
«Андан да коркунучтуусу өспүрүмдөрдүн насвайды колдонгону. Никоти жана башка уулуу заттар баланын интеллектуалдык жана физикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет», — деп айтты Калиева.
Калиева насвайга Түркмөнстан, Беларус, Орусия жана Казакстандагыдай кылып тыюу салуу керек деп эсептейт.
Баткенди куткарабыз деп баарын өлтүрүп жатабыз
Кыргызстанда насвайга тыюу салуу аракети көп жолу болгон. 2016-жылы депутат Махабат Мавлянова насвай өндүрүп, ташып жана саткандарга 50 миң сом айып пул салууну сунуштаган. Дагы бир жылдан кийин кесиптеши Азамат Арапбаев насвайга «болушунча эртерээк» тыюу салууну убада кылган.
Кийинчерээк «тамекисиз Кыргызстан» чылымга каршы улуттук коалициясы насвайдын баасын жок дегенде тамекинин баасына жеткирүүнү сунуштаган — коалициянын Баткен облусунун калкынын үчтөн бири насвай өндүрүшүндө иштей турганын, ал эми ал жактагы эркектердин жарымы аны колдонорун эске алганда, насвайга тыюу салуу дароо эле боло койбойт.
Бирок азыркы чылымга каршы мыйзам жаңыдан иштелип жатканда, өкмөт насвайды лицензиясыз жана акциздик маркасы жок сатууга каршы болуп чыкты. Анткени ал акциздик товарлардын тизмесине кирбейт, ал эми аны өндүрүү — лицензия бериле турган ишмердүүлүк деп эсептелген тизмеде жок.
Жыйынтыгында мыйзамга насвайга товар катары коюлган талаптар гана киргизилген. Ага ылайык, анын ар бир таңгагына курамында «системалуу уулар, канцерогендик жана мутагендик заттардын» бар экендиги, ошондой эле аны колдонуу ден соолукка зыян деген эскертүүсү көрсөтүлүшү керек.
Көп сандаган өндүрүү фабрикалары бул шарттарды сакташы мүмкүн, бирок насвайды өлкөдөгү базарларга тонналап саткан өндүрүүчүлөр анын курамында кайсы заттардын бар экенин так билишпесе керек.
Ошондой эле чылымга каршы мыйзамга ылайык, минкаб насвайдын курамына кошулчу чылым өстүрүлгөн аянттарды этап-этабы менен кыскартышы керек.
Аткаминерлер насвайга мамлекеттин көз жумуп жатканынын негизги себебин — насвай өндүрүшүнө колдонулган чылымды өстүргөн баткендик дыйкандарга колдоо көрсөтүү деп атап жатышат.
Кыргызстандагы насвайга көзөмөлдүн жоктугун Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан Чинара Бекбасарова да ушундай эле түшүндүрдү.
«Тилекке каршы, Баткен облусунда болгон [Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалында нече жолу катуу жабыркаган] окуяларга байланыштуу, насвай жасаш үчүн чылым өстүргөн ишкерлерге тыюу салуу кийинкиге жылдырылды. Бул маселе үч жыл аралыгында чечилет. Бул аралыкта минкаб чылымды өстүрүүнү альтернативасын сунуштап жана акырындык менен муну жабышы керек», — деп айтты ал.
Чынында эле чылымга каршы мыйзамга ылайык, минкаб 2024-жылдын 15-сентябрынан тарта насвайга көз каранды болгон адамдарга медициналык консультация бериши керек жана тамеки өстүрүүнүн ордуна «экономикалык жактан пайдалуу альтернатива сунуштоого милдеттүү — мисалы «пайдалуу» өсүмдүктөрдү өстүрүү.
Бирок мыйзамда келечекте насвайга эч кандай потенциалдуу түрө тыюу салуу же чектөө тууралуу белгиленген эмес.
Материалды даярдагандар: Бакай Алмаз, Аида Исрайилова, Мээримай Акунова
Редакторлор: Дмитрий Мотинов, Виктор Мухин