Көкүлов өлкөгө электрондук тамекинин бардык түрүн киргизүүгө тыюу салууну сунуштады

Депутат Эрулан Көкүлов 12-июнда парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында өлкөгө электрондук тамекинин бардык түрүн киргизүүгө тыюу салууну сунуштады.

Депутаттын пикиринде, электрондук тамекилер «улуттун ден соолугун өлтүрүп жатат».

«Тыюу салалычы! Бир жолун табалычы! Эгер таптакыр эч нерсеге алыбыз келбей калса, анда бул жерге отурбай, чогулбай эле коёлу. Бул улуттун ден соолугун өлтүрүп жаткан нерсе! Бул жерде хайп-майп, андай-мындай нерселерге каалагандай акча коротобуз биз. Бир электрондук тамеки үчүн ушунча адам чогулуп алып туруп бөгөт коё албай отурабыз», — деди ал

Көкүловго саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыкканын, Министрлер кабинети ага оң корутундусун бергенин айтып жооп берди.

Депутат чиновникке эгер аталган мыйзам долбоору парламентке келип түшсө колдоп берерин кошумчалады.

Буга чейин депутат Аида Исатбек кызы дагы электрондук тамекинин зыяндыгын айткан. Ал электрондук тамеки менен вейптер балдарга да сатылып жатканына кабатырланган. Исатбек кызы бул маселени чечүү үчүн бир катар чараларды көрүүнү, анын ичинде рейддерди жүргүзүүнү, электрондук тамекинин кутучасына анын зыяндуулугу тууралуу эскертүүлөрдү жайгаштырууну, коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана чегилүүчү бардык заттарга акциз өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштаган.